www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин Эл аралык кызматташтык боюнча комитет төрагаларынын биринчи жолугушуусу өттү. Иш-чарага Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын парламенттик делегациялары катышты. Бул тууралуу ЖКнин Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов жолугушуунун катышуучуларына салам жолдоп, ШКУ коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу чөйрөсүндө пикир алмашуу, алгылыктуу механизмдерди иштеп чыгуу үчүн өз ара аракеттенүү боюнча уникалдуу эл аралык бирикме болуп калгандыгын баса белгиледи. “Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Циндао шаарындагы ШКУ саммитинен кийин бул уюмга төрагалык кылуу кыргыз тарапка өткөн. Биз тараптан түзүлгөн келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча реалдуу иштер жасалып, министрлик жана эксперттик деңгээлде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү”,- дейт И.Пирматов. Ошондой эле ал 2019-жылы ШКУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин төрагаларынын экинчи жыйынын өткөрүүнү уюштуруу маселесин талкуулоону сунуш кылды.
Жолугушууга келген делегация башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин Эл аралык кызматташтык боюнча комитет төрагаларынын биринчи жолугушуусун өткөрүүнү демилгелеп чыккандыгы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылыктарын айтышты. Ошону менен катар Жогорку Кеңештин ШКУга мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин төрагаларынын экинчи жыйынын өткөрүү демилгесин дагы колдой тургандыктарын билдиришти. Аталган экинчи жыйындын мөөнөтү ШКУга мүчө-мамлекеттердин улуттук координаторлору аркылуу иш тартибинде чечилмекчи.
Эл аралык кызматташтык боюнча комитет төрагаларынын биринчи жолугушуусунун алкагында Жогорку Кеңештин делегациясы менен Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын делегациясынын жолугушуусу болду. Жолугушууда парламенттер аралык кызматташуу, эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү, орус тилинин Кыргызстандагы абалы тууралуу сөз болду. Иш-чарага кыргыз тараптан депутаттар Исхак Пирматов, Наталья Никитенко, Абдывахап Нурбаев, Тынчтык Шайназаров, ал эми орусия тараптан депутаттар Константин Косачев, Леонид Слуцкий, Фарид Мухаметшин, Ирина Роднина катышты.
Мындан сырткары, аталган иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйыны менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиясынын теңтөрагасы (кыргыз тараптан) Тынчтык Шайназаров ОФ Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары, Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйыны менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиясынын теңтөрагасы (орусия тараптан) Фарид Мухамедшин менен жолугушту. Анда тараптар аталган комиссия ишмердүүлүгүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, колдонулбай жаткан потенциалдарды талкуулашты.
Булак: NazarNews.kg