www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-январь күнү чек арага чектеш Көк-Таш айылынын И.Халматов көчөсүндөгү №4-үйдү таңга маал саат 4төр чамасында өрттөп жиберип, ошого удаа эле 10-январь түнү бет капчан тажик жарандары кыргыздардын ошол эле аталган айылдагы автоунааларын таш менен ургулашкан. Ошол түнү саат 2 ден өткөндө Көк-Таш айылында ок атуучу куралдан да ок чыгарышкан.Натыйжада Көк -Таш айлынын жарандары башка айылга чыгарылган.

Маалыматтарга караганда Саффаров Умронидин менен Ибрагимов Исраил аттуу тажик жарандары жогорудагы чагымчылдыкты атайылап жасашууда.

Бирок ошого карабастан тажик тарап кыргыз жарандары тажик жарандарын аткылап жатышат деген ар кандай, туура эмес маалымат таратышкан. Жергиликтүү калктын берген маалыматтарына таянсак,тажик тарап өз көнөөлөрүн кыргыз тарапка оодаруу үчүн ар кандай туура эмес маалыматтарды таратууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости