www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралиянын Желонг шаарында жээкте коала тартылган сүрөт пайда болду. Бул сүрөттүн автору Автралиялык жашыруун сүрөтчү. Ал өзүнүн иштерин breatheablueocean деген ат менен чыгарат. Анын кумга тарткан сүрөтү токой өртүнөн өлгөн миллиондогон жаныбарлардын элесине арналат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Эксперттердин божомолу менен өрттөн өлгөн жаныбарлардын саны миллиарддан ашат. Кээ бир түрлөрү жоголуп кетүү коркунучу астында калды. Табигый жайгашкан жерлеринен ажыраган коалалар, жапайы жаратылышта 2050-жылы түбү менен жок болуп кетиши мүмкүн.

Маалым болгондой, өрттүн аркасынан Австралияга жамгыр келген. Өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан шаарладын суу алдында калган көчөлөрүндө сүзүп жүргөн акулалар байкалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости