www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиянын  түндүк-батыш аймагында, быйылкы  жаңы жылдын эсебинен алгачкы ирет кар жады. Бул тууралуу,  чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда,  жергиликтүү жана чет элдик туристтер  кар ээрибей турганда, чана тээп, дем алуу үчүн деңиз деңгээлинен 2600 метр бийиктикте жайгашкан Джабаль-эль-Лауз тоосуна барып эс алып жатышат.

Бул кардын жаашы,  жылына бир ирет боло турчу чоң бир окуя деп эсептеген тургундар, кышкы эс алуу  күндөрүн өткөрү үчүн,   Джабаль-эль-Лауз тоосуна агылышууда.

Бул жылы, башка жылдарга караганда   аталган тоолу аймакты калың кар басты.  Бирок  бул калыңдыктагы кар, жергиликтүү тургундардын климатты  үчүн абдан көп.

Буга карабастан эс алуучулар палаткаларды тигип, чана тээп, кыштын кызыгына батууда. 

Бирок, жергиликтүү метеоролодор аз күндүн ичинде күн жылып, кар ээрий турганын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости