www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбековдун ишмердүүлүгүнө кызыгышып, ал “дипломат” Душанбеде эмне иш менен алек?, -  деген суроого жооп издешти.

Айтсак, депутат Абдывахап Нурбаев парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө суроо узатты эле алар “Жаныш Түстөнбеков өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууда. Дипломатиялык миссия саясий орган болгондон кийин иш ошол өңүттө жүрүүдө”, - деп жооп беришти.

Андан соң, комитет кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселени талкууну улантышты. Депутаттардын алдында Чек ара кызматы жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат берүүдө.

Белгилей кетсек, коомчулук кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан улам буга чейин элчи Жаныш Рүстөнбековдун ишмердүүлүгүнө нааразы пикирлерин интернет аркылуу билдиришкен. Ал учурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин алмаштырды.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости