www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран тарабынан атып түшүрүлгөн Украина эл аралык аба каттамы компаниясынын учагы кырсыкка кабылган убакта Катардын учагы да учкан. Бирок Катардын учагы атып түшүрүлгөн эмес, себеби катардык диспетчерлер  Иран диспетчерлеринин абадан коргонуу күчтөрү менен байланышып, ийгиликтүү учуп кете алган.  Бул тууралуу Иран аба күчтөрүнөн Абу аль-Фадыл Мусави Беюки чет элдик маалымат булактарына билдирген.https://kaktus.media/lenta4/static/img/3x2.jpg

“Алар байланышка чыгып, учак кадимкидей учууга мүмкүнчүлүк алышкан”,-деп билдирген Иран парламентинин өкүлү.

Катардын учагы асмандагы түстү байкап, абадан коргоо күчтөрү экендигине шек санагандыктан, ирандык диспетчерлерге байланышка чыгып, алар уруксат берген соң ийгиликтүү учуп кете алган”,-деп айтылат Иран мамлекети берген маалыматта.

Эскерте кетсек, Тегеранда кулаган учак 2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости