www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы чакырылыштагы жоокерлерди сабаган прапорщик 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактардын бири жеке булагына таянып жазып чыкты.

Маалымат боюнча аталган чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

“Экинчи айыпталуучу лейтенантка карата козголгон кылмыш иши тергөө стадиясында калды. Жабырлануучулар офицерге дооматтары жок экенин айтышты. Алардын айтымында, сабоодо прапорщик  түздөн-түз катышкан”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Абадан коргонуу күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бригадасынын жалпы чакырылыштагы алты жоокерин прапорщик менен улук лейтенант дубинка менен сабаган. Буга чейин алар башчысына кат жөнөтүшкөн, бирок эч кандай көңүл бурулган эмес. Кийин Бишкектеги Аскер прокуратурасы эки шектүүнү кармашкан. Сот аларды үй камагына коё берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости