www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сууга болгон тарифтин көтөрүлүшүнө коомучулук нааразы

Өткөн жылы Президентибиз Кыргызстанды таза суу менен камсыз кылуу боюнча атайын аракетин көрүп, аймактарда таза суу долбоорлору ишке ашууда. Бул албетте жакшы. Иштер жер-жерлерде кызуу жүрүүдө. Күнгөй-тескейиндеги айрым иштерди ай-күнү жетип, толгоосу тогуз кайрык толгонгон кезде айталы. Эми суу өмүр булагы. Суусуз адамдын жашоосу деле болбойт, Кыргызстан сууга бай өлкө. Бирок, ушул кезде деле айрым жерлерде суу тартыштыгы арбын. Сатып ичкен конуштар дагы бар. Суу башы болуп туруп сууну сатып ичкен өлкө болгону кээде арданасың. Ушул тапта Кыргызстанда ичүүчү таза сууга болгон тарифтин көтөрүлүшү байкалууда. Эмне деген гана кордук. Кокту-колотубузда тынбай агып жаткан кудайдын бекер суусун дагы өзүбүзгө сатканыбыз кудайга деле жакпаса керек. Сатсын, ыгы, элдин чөнтөгүнө карап сатса жакшы болбойт беле? Газга, нефтиге бай өлкөлөр дүйнөдө эң керектүү продукция экенин карабай, жергиликтүүлөргө бекер берген өлкөлөр бар экени белгилүү. Бизде сууну эч ким атайын деле иштетип чыкпайт. Болгону агын сууну тосмолордо тосуп, керектөөчүлөргө жеткирип гана турушат. Ошонун чыгашасын жаба албай, жылына тарифтердин түрүн чыгарганы чыгарган. Миллиондогон куб суулар коңшуларга бекер сатылып, кайтарым жок, болгону суу сактагычтарды оңдоп-түзөөгө гана кетип жатканы да өкүндүрөт. Ушул тапта шаарларда, жер-жерлерде кыргыз өкмөтүнө, тиешелүү мекемелерге дал ошол ичүүчү сууларга болгон нааразычылыктар күчөп жатканы байкалууда. Редакциябызга да, дал ошого үндөш материал келип түштү. Анын төркүнү, түп нускасы дал ошол сууга болгон тарифтердин жогорулаганына карата айтылган. Алардын бийликке болгон датын сунуштайлы.

-Биздин Сиздерге кайрылганыбыздын себеби 3 айдын ичинде муздак суунун баасынын көтөрүлүшү болуп жатат. Мындай тез көтөрүлүү абдан эле таң калычтуу болууда. Кыргызстан сууга мол өлкө. Суубуз көп болуп туруп эмне себептен көп төлөп жатабыз. Октябрда ар бир кишиге муздак суу 50,73 тыйын, агынды Х/В11,31 тыйын, ноябрь айында муздак суу бир кишиге 64,41, агынды Х/В 16.85 тыйын, декабрь айында бир кишиге муздак суу 76,38 тыйын, агыңды Х/В 21,69, агынды Г/В 11.19 тыйынга жогорулаган. Октябрь айына чейин бир кишиге 27.00 сомдон төлөнчү. Бул эмне деген шумдук!!! Башка коммуналдык төлөмдөрдүн деле көйбөйгөнү жетишет го. Жөнөкөй эл уйдай эле саалып жатат. Биздин өлкөдө жумушсуздук күч алган. Мамлекеттик структураларда иштеген жөнөкөй адамдардын айлыгынын аздыгы баарына маалым. Тапкан айлыктарыбыз араң эле тамак-аш, баскан турганга жетет. Пенсиянын көлөмүда баарыбызга белгилүү. Пенсионерлердин алган айлыктары тамак-аш, жол киреге, анча-мынча алынуучу кийим-кечекке араң жетет. Жумушсуз, көп балалуу үй-бүлөлөр болсо мындай суунун кымбатташын көтөрө да албайт. Себеби бирде жумуш болсо, бирде болбой калат. Тапкандары араң тамак-ашка, балдарынын мектепке барып-келүү жол кирелерине араң жетет. Көп балалуу үй-бүлөлөргө 1 айга декабрь айындагы чыккан баа боюнча эсептегенде (декабрдын баасы-муздак суу 76,38 тыйын, агынды Х/В 21,69, агынды Г/В 11/19 тыйын) 1000 сомго жакындап калып жатат. Ошондуктан тез аранын ичинде муздак суунун баасын азайтууга чара көрбөсөңөр, көпчүлүк жашоочулар төлөөгө алдары келбей калат. Бул маселени тезинен чечип берүүнүздөрдү талап кылабыз. Себеби сиздер эл деп иштегени келген соң элдин көйгөйүн чечүү негизги парзыңыздар деп эсептейбиз.

Булак: “Факты.kg”

 

Последние новости