www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө узундугу 40 чакырым болгон 380ден ашык балык уулоочу тор өрттөлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекция маалымдады.

Маалыматка ылайык, 12-13-ноябрь күндөрү Мамэкотехинспекциянын Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгуз райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлору тарабынан браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда, тагыраак айтканда Ысык-Көл акваториясынын 38, 39, 40-балык уулоочу тилкелеринде мыйзамсыз салынган, кытай өндүрүшүндөгү (синтетика) 380ден ашык балык уулоочу тор жыйналып алынган. Ал торлордун узундугу болжол менен 40 чакырымды түзгөн.

“Атмосфералык абаны коргоо максатында жыйналган торлор Каракол шаарында жайгашкан түтүн чыпкалоочу жабдыгы орнотулган отканага жеткирилип, өрттөлдү”, - деп билдирет Мамэкотехинспекция.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө көл жээгинде кайрымак менен балык уулаган жарандарга өлкө көлмөлөрүндө ышкобоздук жана спорттук балык кармоо эрежелери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости