www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция Бишкектин жака белинен сууга агып каза тапкан 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча сотко чейинки тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББи билдирди.
Сууга агып кеткен кыздын сөөгү 24-июнь күнү түштө табылды.
Бишкек шаардык милициясынын айтымында, кырсык " Чүй облусунун "Теплые ключи" эс алуу аймагында катталган.
Маалыматка ылайык, маркум Бишкекетеги мектептердин биринде 9-класстын окуучусу болгон. Ал 23-июнда классташтары жана мугалимдери, айрым ата-энелер менен бирге тоого эс алууга барган. Окуя саат 19.00 чамасында дарыянын боюнда сүрөткө түшмөкчү болгон эки кыздын бири тайгаланып, сууга кулап түшкөн. Сөөгүн куткаруучулар эки күндөн кийин табышты.
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Булак: NazarNews.kg