www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында чынында ойго келбеген кадрдык жүрүштөр болгонун коомчулук билет. Өмүрүндө мамлекеттик кызматта иштеп көрбөгөн шоопурун, жансакчыларын үлкөн кызматтарга дайындап, алардын өтө тездик менен байып алышына жол берген. Бир жагынан коррупцияга каршы күрөшүп аткандай болгону менен, экинчи тарабынан жаңы коррупционерлерди тарбиялап чыгарганын коомчулук кечирээк түшүнүп калды. 2010-жылга чейин карапайым эле турмуш кечирип келген шоопуру, жансакчылары заматта күркүрөгөн байлардын катарын толуктап калганынан эле көп нерсени түшүнүүгө болот.  Бул жолу биз АШАнын жансакчысы, убагында УКМКнын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган Дамир Мусакеевдин апрель революциясынан кийинки ээлик кылган мүлктөрү тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Д. Мусакеев өзүнүн мүлктөрүнүн баарын атасы Сагындык Мусакеев менен апасы Айнура Төлөгөновага каттатыптыр. Биз ал кандай мүлктөр экендигин тизмектеп, сүрөттөрү менен чогуу сиздерге сунуштайбыз. Мындай пикирин жана Мусакеевдин байлыктарын БеспределKG-КРиликтеп чыкты. 

Атасы Сагындык Мусакеевге катталган мүлктөр:
1. Бишкек шаарынын Кеңсуу көчөсү №19 дарегиндеги үйдөгү батир. Муну 2014-жылы 7-июлда каттаткан. 
2. Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында курорттук зонадагы жер тилке. 2015-жылы 24-июнда каттаткан.
3. Ысык-Көл облусунун Чоктал айылындагы курорттук зонадагы жер тилке. 
4. Тоң району, Бөкөнбаев айылынын Осмонов көчөсү №29 дарегинде жайгашкан дүкөн.
5. Бишкек шаары, Суеркулов көчөсү 7а дарегиндеги батир. 2015-жылы 22-октябрда каттаткан.
6. Сокулук району, Новопавловка айылындагы Проектируемая көчөсүндөгү жер тилке. 2010-жылы 18-февралда каттаткан.
7. Ак-Ордо конушу, Көк-Бел көчөсү №74 дарегиндеги жер тилке. 2014-жылы 1-июлда каттаткан.
Эми апасы Айнура Төлөгөновага катталган мүлктөрдү тизмектейли:
1. Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү 796 дарегиндеги батир. 2018-жылы 7-майда катталган. 
2. Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсү №53 дарегиндеги үй. 2016-жылы сентябрь айында катталган. 
3. Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсү №52 дарегиндеги дүкөн. 2016-жылы 1-сентябрда катталган. 
4. Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагындагы «Алтын кум» пансионатынын жанындагы «Борбор» коттедждик шаарчасындагы коттеджи. 2019-жылдын февраль айында кайра каттоодон өткөрүлгөн. 
5. Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 88/2 дарегиндеги батир. 2018-жылдын 14-майында катталган.
6. Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү 99 дарегиндеги батир. 2018-жылдын 7-майында катталган.
7. Бишкек шаары, П. Лумумбы көчөсү 143 дарегиндеги батир. 2003-жылы 19-декабрда катталган.
8. Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү 20/2 дарегиндеги батир. Бул батир Д. Мусакеевге УКМКдан кызматтык батир катары берилген. 
9. Бишкек шаары, Рыскулов көчөсү 796 дарегиндеги батир. 2018-жылдын 14-майында катталган.
10. Аламүдүн районунун Маевка айылындагы жер тилкеси. 2011-жылдын 20-январында катталган. 
Мына ушул маалыматтардан Дамир Мусакеев кыска убакыт аралыктарында эле өтө көп мүлктөрдү сатып алып (бир эле күндө бир нече мүлк сатып алганы да билинип турат) атасы менен апасына бөлүп каттатканын билебиз. 61 жаштагы атасы Сагындык Мусакеев эч кандай деле ири бизнесмен эмес, апасы Айнура Төлөгөнова да карапайым эле айым. Анан алар мынчалык мүлктөрдү кыска убакыт аралыгында кайдан тапкан кирешесине сатып алышмак эле? 
Бул мүлктөр азырынча белгилүү болгондору гана. Айрым маалыматтарга караганда Дамир Мусакеев борбор калаадагы жаңы курулган элиталык батирлердин бир подьезддин толугу менен сатып алып койгон да жайлары бар экен. Бизнес менен алектенбеген Дамир мырза мынча байлыкты кантип топтогонун оңой эле түшүнүүгө болот. Ал албетте АШАнын доорунда кызматтык абалын жеке финансылык кызыкчылыгы үчүн пайдаланган болуп атат. Ошондо анын топтогон мүлктөрү аны «мыйзамсыз баюу» беренеси менен жоопкерчиликке чакырып аткан болобу?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости