www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунда 39 жаштагы келинди күйөөсү сабагандан кийин каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-май күнү болжол менен саат 15:30 чамасында, Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Базар-Коргон районунун тургуну А. А. кабар берип, анда Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жашаган бир тууган карындашы А.У.ны Айбек аттуу жолдошу уруп өлтүрүп койгондугун билдирген.
Бул факты боюнча топтолгон материалдын негизинде Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 122-бер. (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
«Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын негизинде, эксперттин алдын ала берген ооз эки маалыматы боюнча У.А.нын башында, колдорунда, ичинде, буттарында жарылган жана көк ала дене жаракаттары бар экендиги, ал жаракаттар катуу мокок нерсенин тийүүсүнөн улам пайда болгондугу такталган.
Өздүгү такталып, тергөөгө камсыз болгон, шектүү катары суралган учурда А.Д. өзүнүн көрсөтмөсүндө, 2022-жылдын 29-май күнү болжол менен саат 04:00 чамасында үйүндө аялы А.У. менен өз ара сөз талашып кетип, мас абалда болгондугуна байланыштуу уруп койгондугун, андан кийин кайра жарашып алышкандыгын, бирок эрте менен туруп аялын караган учурда ал каза болуп калгандыгын билдирген.
Тергөөнүн жүрүшүндө маркум У.А.нын жолдошу 1987-жылы туулган Д.А. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген», - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Булак: NazarNews.kg