www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
№15 үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин дарыгери, саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери Светлана Молдалиева сүт безинин (эмчектин) рагы туурасында маалымат бермекчи.
-- Сүт безинин рагы эмнеден улам пайда болот?
-- Рактын бул түрүнүн пайда болушун жыныс гормону эстроген шарттайт. Кеч төрөгөн аял бул ооруга чалдыгышы мүмкүн. Мисалы, 18-20 жашында төрөгөндөргө караганда, 28-30 жашында төрөгөндөрдө бул оору көп кездешет. Себеби, курсактагы түйүлдүк аялды рактан сактоочу белокту иштеп чыгара тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Сүт безинин залал шишиги дүйнө жүзү боюнча үчүнчү орунда, ал эми аялдар арасындагы онкологиялык оорулардын алдыңкы катарында турат. Эң жогору деңгээлде өрчүшү 40 жаш куракта аныкталган.
-- Бул залалдуу шишиктин өрчүү коркунучун аныктоочу факторлор кандай?
-- Негизги факторлору тукум куучулук, этек кири, кош бойлуулук жана коркунуч факторлору. Тукум куучулук фактору – бул энесинин же бир тууган эже-сиңдисинде сүт безинин залалдуу шишиги болушу. Этек кири фактору – бул этек кирдин узак убакытка созулушунда же этек кирдин эрте келиши жана этек кирдин (климакс) кечигиши. Кош бойлуулук фактору – бул жогоруда айткандай, төрөбөгөн же жалгыз бой аялдарда кооптуулук көбүрөөк. Коркунуч фактору – бул сүт безинин бир тараптуу залалдуу шишиги бар болсо, анын экинчи тарабында пайда болуу коркунучу. Ал эми кошумча факторлорго жогорку калориялуу майлуу тамак-аштар, дененин ашыкча салмагы, ар дайым алкоголь ичимдигин ичүү жана кичине дозада радиация кирет. Үч негизги фактордун кайсынысы болбосун бар экени аныкталган аялдар жогорку кооптуу топторго киришет. Кошумча факторлордун аныкталышы пайда болуу коркунучун күчөтөт. Бирок, бул маалымат аялдарда коркуу же эрксиз келүүчү жаман ойлорду алып келбеши керек. Биздин маалымат аялдар сүт бездерин өздөрүн өздөрү көңүл коюп карап чыгуу жолу менен байкоодон өткөрүүсү үчүн айтылат. Мындайда өзгөрүүлөр эрте аныкталып, аягы жакшы болот. Сүт бездерин этек кири бүткөндөн 3-5 күндөн кийин кароо керек, ал эми этек кири келбесе ар бир айдын башында кароо туура болот.
-- Оорунун алдын алуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
-- Эмчектеги же колтук алдындагы шишикке;
- шишик зонасы же этек кири келип бүткөндөн кийинки сүт;
- сүт безинин өзгөчө катуу болуусуна;
- сүт безинин эки башка көлөмдө өзгөрүшүнө;
- эмчектин терисинин өзгөрүшүнө;
- эмчектин шишик тартышы, кызарышына;
- сүт безинин же этек кири менен байланышпаган колтук алдындагы оорусуна;
- үрптүн ичине кирип турган абалына;
- үрптөн суюктук чыгып турушуна;
- бүдүр болуп кызарган темгилдер же үрптүн тегерегинин карттанып калышына.
Өзүн-өзү үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзүү абдан маанилүү. Бул сизге өзүңүздүн эмчегиңиздин нормалдуу түзүлүшү жөнүндө билүүгө жана андагы өзгөрүүлөрдү эрте байкап, баамдоого жардам берет. Көңүлгө алчу башкы нерсе, баардык эле эмчектеги өзгөрүүлөр сүт бези рагынын белгилери эмес! Маммолог дарыгеринин кароосунан жылына кеминде бир жолу көрүнүп туруу абзел. Ар кандай өзгөрүүлөр байкалса, тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл. Ал эми үй шартында чалкалап жатып алып, сүлгүнү тоголоктоп далыга коюп сүт бездерин колду жеңил айлантуу менен акырындан укалап туруу керек. Манжаларын жеңил айлантуу менен сүт безинин ар бир сегментин жана колтук астындагы чуңкурду дагы укалоого болот.
Назима Жумаева
Булак: “Азия Ньюс”