www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айткандай ар нерсенин жасала турган учуру келет белем. Канча убакыттан бери ишке кирет деген коопсуз шаар проектиси кечээ 12 -февралда ишке кирип, бир күндө он  көчөнүн кесилишине коюлган он камера, он эки миң авто унаа жол эрежесин бузганын каттаганы тууралуу жол кыймылын теске салган кызматкерлер тарабынан кабарланды. Бир күндө он кемера эле ушунча жол эресенин бузулушун каттап жаткан соң, камералар көбөсө анда кандай күн болот.

Бирок, бул дагы жакшы жышаан. Анткени МАИлерден коркпой камерадан коркуп айдоочулар жай айдап калышы толук мүмкүн. Анткени жол эрежесин бузгандардын көбү, авто унааны катуу ылдамдыкта айдаганын камерага түшүп калганы дайын болду. Ооба, көчөлөрдүн кесилишине коюлган камералар жол эрежесин бузган жети түрүн жазып калганга жетишери айтылган. Эми айдоочулар жол жээгинде коюлган жол белгилерине көңүл буруп калышы толук мүмкүн. Эми үйлөрүнө айып пулдун квитанциясы келгенде, мындан да жол эрежесин сактаганга көңүл бурулары турган иш.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости