www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, жакында президент Сооронбай Жээнбеков жоон топ адамды ар кандай сыйлыктар менен сыйлады. Албетте бул жакшы жышаан. Сыйлыкка татыктуулар сыйга татып турганга эмне жетсин. Бирок, кээ бир сыйлыкка татыксыздарды тандаган берки жактагы алкымы чоңдордун кетирген кемчиликтери, жөн жерден жогору жакка тийип жатканын да эске алганыбыз жөндүү. Кечээ жакында Тазабек Икрамовдун алган сыйлыгы чоң талашка жем таштап, талаш-тартышты пайда кылды.
Айткандай “билим берүүнүн мыктысы” наамын алыш үчүн эки жыл эмес, жыйырма жылдан кем эмес эмгек өтөш керек экени айтылды. Бирок, бизде акчасы барлар, байлар, мансаптагылар сыйлыкка эрте жетип, наам сатылып калган көрүнүш кайталанган үчүн, көпчүлүк нааразы.
Чындап караганда, сыйлык берүүдө өтө одоно катачылыктар кетип калган көрүнүштөр болгон үчүн, Жаныш Кочкоровдун “Баркымды билгендердин эсиндемин” деген ыры чыкса керек. Ырдын мааниси эле, сыйлык жана наам алуу дагы базарга айлангандан белги берип жаткансыйт. Эмне болгон күндө дагы сыйлыкты сатып албай, эмгек менен алганга эмне жетсин. Бирок, акчалуулар сыйлыкка эрте жетип калганына, ичтери чыркырап күйгөндөр жок эмес.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg