www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда жигит сүйлөшкөн кызынын жылаңач түшкөн сүрөтүн социалдык тармакка жүктөп салгандыгы үчүн кыздын байкеси, жигитти металлдан жасалган курал менен ичине сайып салган.

Аталган кылмыш иши боюнча сот өкүм чыгарды.

Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланды. Тергөөнүн маалыматына ылайык, өткөн жылдын жай мезгилинде саат 18:00 чамасында дарыкананын жанынан металлдан жасалган курал менен соттолуучу, карындашынын жигиттин ичке сайып салган. Жигит алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген.

Куралды соттолуучу куралды алдын ала даярдап койгон. Соттук отурумда соттолуучу күнөөсүн мойнуна алган. Ошондой эле, окуянын себепкери карындашы болгон. Анткени жабырланган жигит карындашынын жылаңач сүрөтүн социалдык тармакка жүктөгөн жана соттолуучунун бир тууган карындашына да чалып коркутуп, аброюна шек келтирип жүргөн.

Ошондуктан, соттолуучу жабыркаган жигит менен сүйлөшүүнү чечип, аны достору менен алкоголдук ичимдик ичип отурган жеринен кезиктирет. Жабыркаган жигит соттолуучуну көрүп качып бара жатып дарыкананын жанынан кулап түшүп, экөө мушташып башташкан. Соттолуучу чөнтөгүнөн (шпатель) куралын кантип алып чыгып сайып жибергени эсинде жок экенин айткан. Ал эми жабырлануучу менен соттолуучунун айткандары бир чыгып жана аны ичке ким сайганын эсинде жок экенин айтып, соттолуучуга эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Райондук сот аягында шарттуу түрдө 7 жылга өкүм чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости