www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-апрелде Таласта жоголгон Нургүл Сыйдалиева бүгүн, 26-апрель күнү Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына милициядан билдиришти. Алдын ала маалыматка караганда, ал кайын журту менен таарынышып, Бишкек шаарына кетип калган. Учурда эки тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аны үйгө алып келе жатышат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Бакай-Ата РИИБден Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында 1993-жылы туулган Сыйдалиева Нургүл Асанбековна дайынсыз жоголгонун билдиришкен.

Маалыматка караганда, милицияга анын кайын атасы кайрылган. Ал 24-апрелде саат 14:00 чамасында келини «Талас шаарына барып, кирпик чаптаган «клей» алып келем» деп айтып кеткен боюнча кайрылып келбегендигин билдирген. Нургүл айым 3 баланын апасы. Жолдошу чет өлкөдө иштеп жүргөн. Кийинчерээк милициядан келин акыркы жолу кайын сиңдиси менен телефон аркылуу сүйлөшүп, «ызы-чуу машинага түшүп алыптырмын, анан сүйлөшөлү» деп айткандыгын кошумчалашкан. Ал Талас шаарына келип, банктардын бирине кирген. Банктын видеокөзөмөлүнүн алдында телефон менен көпкө сүйлөшкөн. Жолдошу Россиядан бүгүн учуп келгендиги айтылган.

Булак:Турмуш.кг

Последние новости