www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маңдайыбызга кандай тагдыр жазылбасын, жашообузду түркүн түскө боёп кооздоп алуу да, башка нукка салып кунарсыз кылып алуу да өзүбүздөн көз каранды. Каарманым Сыргайым бул дүйнөгө мүмкүнчүлүгү чектелип келсе дагы бийик максат, ой-тилектери менен алга гана умтулат. Жаш экенине карабай чакан бизнес ачып, азыр аны өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жаткан кези экен.

“Башымдан жыйырмадан ашык операция өттү”

Менин ата-энем Талас жергесинен болгону менен борбор калаада отурукташып калышкан. Апам бүгүнкү күндө үй кожойкеси болсо, атам куруучу болуп эмгектенет. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусумун. Быйыл мектеп бүтүрүүчүсүмүн. Мен тубаса майып төрөлүптүрмүн. Тагыраагы, жарык дүйнөгө келген мүнөттөн баштап бүгүнкү күнгө дейре «спинномозговая грыжа» оорусунан жабыр тартып келем. Менин оорумду айыктыруу үмүтү менен ата-энем көп аракет кылышыптыр, азыр да кол куушуруп отурушкан жок. Белимдеги грыжаны алдыруу максатында алгачкы операциямды мен эки айлык кезимде жасаттырышыптыр. Тилекке каршы, бул операциядан кийин оң бутума доо кетип, кыймылдабай калыптыр. Ушундан улам буттарым кыйшык өсүп, таманым жерге тийбей турчу. Алты жашымда буттарымды калыбына келтирүү үчүн операция жасатышкан. Операция ийгиликтүү өтүп, ушундан кийин мен балдак менен баса баштагам. Бирок баскан сайын сөөктөрүм сына берип улам операция жасатууга аргасыз болуп калар элек. Ошентип 8, 10,13 жаштарымда, дегеле бардыгы болуп жыйырмадан көп жолу операция столуна жаттым. Өмүрүмдүн көп бөлүгүн арабада отуруп өткөрдүм. Эң акыркы операция былтыркы жылы жасалды. Ошондон кийин доктурлар кайрадан майыптар арабасынан турбашымды сунушташты. Бирок бул өмүр бою эле арабага байланып калат дегендик эмес, Кудай буюрса, жаздан баштап балдак менен басууга болот дешти. Менде басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан азыр чыдамсыздык менен жаз мезгилин күтүп жатам.

“Мектепте окуган ыңгайсыздык жаратты”

Мүмкүнчүлүгүм чектелгенине карабай ата-энем мени кадимкидей балдар окуган №79 орто мектепке жети жашымда алып барышты. Апам күнүгө эртең менен туруп мени мектепке даярдайт. Атам болсо жеткирип барып, классыма чейин киргизип коёт да, сабак бүткөндө кайра үйгө алып келет. А мектептин ичинде жүргөндө классташтарым арабамды сүйрөп ары-бери жылууга жардам беришчү. Ушундай шартта мектепте 5-класска чейин окудум. Андан кийин окуучулар бир класстан экинчисине көчүп окушат эмеспи, ушул нерсе мага кыйынчылык туудура баштады. Ошондуктан мен мектепке каттаганымды токтотуп, мугалимдер үйгө келип окута башташкан. Ошондон тартып азыркыга чейин мугалимдер аптасына эки-үч ирет келип сабак өтүп кетишет. Менин сабактарым мектептеги окуучулардыкына караганда жеңил. Мектепте ар бир теманы ийне-жибине чейин окутса, мага үстүртөдөн эле үйрөтүшөт. Өзүм аябай жакшы окуйм деп айткандан алысмын, кээде «3» деле алып калган күндөрүм болот. Эң эле сүйүп, күтүп окуган сабактарымдын бири кыргыз адабияты.

“Үйдө отуруп кол өнөрчүлүккө кызыга баштадым”

13 жашымдан баштап мурдагыдай мектепке барып окубаганга бош убактым көбөйө түштү. Ошондо мурун көңүл бурбаган апамдын кол өнөрчүлүгүнө көзүм түштү. Жасаган нерселерин карап отуруп мен дагы кол өнөрчүлүккө кызыга баштадым. Бирок апамдыкы жалаң кездемеден тигилген буюмдар болсо, мен кийиз, бисерлерге ыктадым. Интернеттен тагынчактарды жасоо ыкмасын күнүгө көрүп үйрөнөм. Анан ата-энеме айтып түркүн-түстүү бисерлерди алдыртып алып, көргөнүмдөй жасайм. Тагынчактарым окшошкон сайын улам кудуңдап сүйүнүп, кызыгуум күндөн-күнгө арта берди. Бара-бара интернеттегиге өз фантазиямды, чыгармачылыгымды кошуп өзүм ойлоп жасай баштадым. Азыр билериктен баштап сөйкө, ободок диадема, чокер, шакек, дегеле айымдарга тиешелүү тагынчактардын түрүн жасай алам. Атүгүл үйлөнүү тоюна арналган таажы дагы жасайм. Булардан тышкары менин колумдан кийизден баштык, чачка такканга гүлдүү чоймо, гүлдөр да чыгат. Күндөн-күнгө чыгармачылыгым өсүп, улам жаңы идеялар келип жатат.

“Социалдык тармак аркылуу бизнес баштадым”

Мен жасаган тагынчактарга буйрутма берген кардарлар башында өзүмдүн эле дос, тууган, классташтарым, кошуналарым болчу. Андан кийин инстаграм баракча абдан актуалдуу боло баштады. Элден кем калбай мен дагы өз баракчамды ачып, жасаган эмгектеримди киргизип койдум. Ошондон тартып баракчам аркылуу буйрутма алып кардар чогулта баштадым. Ушундай жол менен эле иштеп келе жаткам, анан айрым тагынчактарды саткан дүкөнү бар эжелерди көрүп «эмнеге мен дагы дүкөн ачсам болбойт» деген ой келди. Максатымды ата-энеме айтсам колдошуп,«Чынар» соода борборунун төртүнчү кабатынан бир ай мурун эле жай алып беришти. Азыр бардык эмгектеримди ошол жерде сатып жатам. Сатып жактан буюмдарымдын токсон пайызы өз колум менен жасалган, майда чоймо, кыпчыткыч сыяктуу майда-чүйдө нерселерди гана базардан дүңүнөн сатып алам. Сатуучу катары өзүм отурам. Сабагым болуп калган күндөрү гана апам жардамга келет.

“Тапкан акчама өзүмө уюлдук телефон сатып алгам”

Буга чейинки менин эң эле көп тапкан акчам бир уюлдук телефон сатып алууга жеткен. Негизи эле түшкөн каражатты өзүмө эле жумшайм. Кийим-кече, жаңы материалдарды сатып алам, ашканына гана бир туугандарыма бир нерсе сатып берем. Башкалар 500 сомдон саткан тагынчактарды мен жарым баасына эле сатам. Үлпөт таажыны миң сомдон бир жарым миң сомго чейин жасайм. Буйрутмалар ар кандай түшүп турат. Ал эми соода борбордо сатылган нерселеримди аптасына бир ирет же сатылуусуна карап жаңыртып турам. Азырынча күнүнө жок дегенде 300, 400 сом киреше түшүп жатат. Бул мен үчүн башталышы гана, аз каражат түшсө дагы мага иштөө жагып жатат. Келечекте өзүмдүн атымдан бренд ачып, филиалдарымды жети дубанга таратып дегеле ушул бизнесимди өнүктүргүм келет. Мектепти аяктасам дизайнерлик кесипке окууга тапшырууну кыялданып жатам.

“Өзүмдү мүмкүнчүлү чектелген деп эсептебейм”

Мага ата-энем кичинекей кезимден эле эркиндик беришкен. Эч качан «сен кыла албайсың, сага болбойт да» деген сыяктуу майыптыгымды тастыктаган сөз айтышкан эмес. Эмне айтпайын дайым колдоп, «макул, жасап көр» дешчү. Өзүм дагы айтканымдан кайтпаган көк бет кызмын, оюмдагыдай болмоюнча тырыша берем. Ошондуктанбы, билбейм, өзүмдү такыр мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары көрбөйм. Кээ бирлер өздөрүнүн майыптыгынан ыңгайсызданып көчөгө чыккандан да тартынышат экен. Мен болсо көчөлөрдө көп эле жүрөм, албетте, бирөөнүн коштоосунда. Атүгүл «Мадина» базарына бара берип дайымкы кардарга айланып калгам. Кайсыл жерде жүрбөйүн өзүмдү эркин сезем, бирөөнүн карап жатканы деле сезилбейт мага. Азыркы жумушума күнүгө эртең менен атам алып келип, жумуш бүткөндө кайра алып кетет. Соода борбор мендей адамдарга ылайыкталып курулган, ошондуктан бул жерде иштөө мага ыңгайлуу. Башка көп жерлер майыптар арабасына ылайыкталып жасалбагандыктан, дал ушул борборду тандагам.

Булак: "Леди"

Последние новости