www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 4-мартында Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, А. Жээнбеков, М. Айнакулов, А. Акматов, А. Жапаров, Р. Туманбаева, К. Бокоев, Э. Токтошев демилгелеген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүлөт. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Убактысы жана орду: 4-март, 2019-жыл, саат -  10:00, Жогорку Кеңештин чыгыш залы

Аталган мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлериңиздер болсо коомдук талкууга келип катышсаныздар болот.

Мыйзам долбору http://kenesh.kg/ru/draftlaw/440424/show  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости