www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт, ал мурдагы бойдон кала берет. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди.

«Өлкөнүн отун-энергетикалык комплексин оптималдаштыруу алкагында тарифтик саясатты кайра кароо чарасы кийинкиге калтырылды», - дейт ал.

Анын айтымында, азыркы тарифке ылайык, электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет. Андан тышкары, ишканалар үчүн 1 кВт/саат электр энергиясынын наркы 2 сом 20 тыйындан каралган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости