www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ичкиликтин запкысын менчелик тарткан жан жоктур

Бир бөйрөгүм жок. Оорунун азабынан эрте жашымда эле алдыргам. Алсызмын, ага карабай турмушка чыгып 2 балалуу болдум. Улам-улам ооруй берип кайын журтумду, жолдошумду тажатып алсам керек, акыркы убактарда жолдошум "Сенден тажадым, оорукчан аял багам деп өмүрүм өттү" - деп көп айта турган болуп калды. Сыркоолой берет дешпесин деп, доктурлардын каршы болгонуна карабай бир кыз, бир уул төрөп бердим. Жыл өткөн сайын жолдошум ичкиликке өтө берилип кетти. Борбордо оокатыбыз өтпөй калып, айылга барып туруп калдык. Мал-жан менен эле менин жөлөк пулумду карап отурганыбызга карабай жолдошум тынбай ичет. Канча жолу жалдырап ыйласам да токтотпой койду. "Аракты койдурам деп жолдошумдун тамагына дары кошуп бердим..." Ичип келген адамды ким эле сүйсүн, балдарым үрпөйүп мени бучкакташат.

Жолдошум болсо эс-учун билбей келип кээде босогодо уктап калат, кээде көчөдө жатып калат. Тажап, жедеп жетип кеткенде аракты токтотуу үчүн амал издей баштадым. Дарыгерлер улам канын тазалап берсе кайра эле ичип ала бергендиктен, жакындарымдын айтуусу менен атайын аракты калтыра турган чөп дары сатып алдым. Ден соолукка эч кандай зыяны жок, болгону тамагына кошуп берсең эле аракты көргөндө жүрөгү айланып кусуп баштайт, ошентип бара-бара аракты таптакыр ичпей калат дешкен. Акыркы үмүтүм ошол дары чөп болуп, өлчөмү менен тамак ичкен сайын кошуп берип койчу болдум. Эшикке кетип эле өңү купкуу болуп кайтып келет. "Жүрөгүм айланып кусуп жатам" - деп, бир жумадай кыйналып жүрдү. Аракты ошентип оозуна албай калды. Баарыбыз жайылып-жазылып жыргап эле калдык.

Ичпей калганы баарыбызга көңүл буруп, балдар менен ойноп, тим эле андан өткөн алтын адам жок. "Дары кошуп бергенимди билип калып ай-буйга келбей сабады..." Адамдын душманы эле адам. Жыргал жашообуз болгону алты айга созулду. Күндөрдүн биринде жолдошум ачууланып келди. Ай-буйга келбей эле баса калып ур-токмокко ала баштады. Түшүнүп-түшүнбөй баарыбыз ызы-чуу болуп эле калдык. Тамагына дарыны кошоордо өтө сак элем, ошону баамдап калдыбы деп коркконумду сурабаңыз. Көрсө ал өзү баамдабаптыр. Өзү менен кошо ичип жүргөн бир досу арак көрсө эле көңүлү айланып жаткан жолдошума "Аялың дары кошуп берип жүрбөсүн, ушундай дары бар экен" - деп айтыптыр. Жолдошум аны угуп алып "Мени өлтүргөнү жаткан турбайсыңбы?" -деп башка-көзгө койгулап катуу сабап таштады.

Арга жок моюнга алдым. Ичмектен иче бер, жашоо сага кереги жок болсо, мага да кереги жок деп биротоло кетип калдым. Азыр Бишкекте турам. Көчөдөн селсаяктарды көрсөм эле дагы бир шордуу аялдын тагдырын талкалап коюп көчөдө жатып калдың да акмак деп ызырынып өтүп кетем. Азыр Бишкектин ар бир көчөсүндө экиден-үчтөн селсаяк бар. Алардын баары арактын запкысын тарткандар. Өздөрү эле куурабай бала-бакыра, канчалаган аялдарды кууратып жатышат. Арактын азабын менчелик тарткан адам жоктур. Жолдошум ошону менен артымдан келген жок. Коңшулардын айтымында азыр үймө-үй арак сурап ичкен селсаякка айланып кетиптир. Колумдан келишинче күрөштүм, дарманым калган жок. Кимде-ким менин тагырымды окуп калса суранаарым, эч качан ичкиликке берилбеңиздер. Арак адамды айбанга көз ачып-жумгуча айландырат, тагдырларды талкалайт, - дейт аты аталбаган айым ""Фабула" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости