www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын октябрь айындагы Беларустун жаш ырчысы, "Голос" теледолбоорунун мурдагы катышуучусу, 26 жаштагы Вера К. модель болуу үчүн Таиландга сапар алган. Бирок анын бул сапары кайгы менен аяктап, жашоосу Мьянманын кылмыштуу чөйрөлөрүндө жаны кыйылып бүтөрүн эч ким элестеткен эмес.

Журналисттик иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Вера алдамчылар тарабынан моделдик ишке орнотобуз деген убада менен Таиландга чакырылган, кийин Мьянмага — кылмыштуу шылуун уюмдардын бирине жеткирилген. Бул уюмдар “love scam” деп аталган схеманы ишке ашырышат: чет элдик кыздар таанышуу сайттарында эркектер менен сүйлөшүүгө мажбурланып, ишенимине кирип, андан соң алардын акчасын кымырып алуу үчүн колдонушат.

Жоголгон күн жана талап кылынган 500 миң доллар

Вера К. менен жакындарынын акыркы байланышы 4-октябрда болгон, бир нече күндөн кийин күтүүсүздөн кабар келет. Белгисиз адамдар анын үй-бүлөсүнө байланышып, сөөгүн кайтарып берүү үчүн 500 миң доллар талап кылышат. Бул окуяны жакындары алгач атайын уюштурулган деп ойлошкон. Тилекке каршы чыныгы трагедия али алдыда болчу.

Бир нече күндөн кийин ошол эле адамдар кыздын органдары сатылып, денеси өрттөлгөнүн билдиришет.

Кылмыштуу схеманын курмандыктары — жөнөкөй эмес, атактуу адамдар

Вера К. — жөн гана жаш кыз эмес. Ал эл алдында чыгып, үнү менен белгилүү болгон, музыкалык келечеги бар ырчы болчу. Ушундай инсандын өзү шылуундардын капканына түшүп жатса, жөнөкөй жарандар кантип сактанат?

Матрангдын жоголушу бул маселеге кошумча көлөкө түшүрүүдө. Эгер ал да ушундай кырдаалга кабылганы тастыкталса, Мьянмадагы кылмыштуу схеманын масштабы мындан да чоң экени айкын болот.

Матранг – дагы бир жоголгон ысым

Эске сала кетсек буга чейин Таиландда белгилүү ырчы Матрангдын да байланышка чыкпай калгандыгы маалым болгон. Кийинчирээк ал Тик-Ток социалдык тармагында чачы кырылып, өзүнүн ким экендигин билбей, акыл-эсин жоготкон тасмасы тараган.

Матрангдын жоголгону жана эмне болгону тууралуу азыркы тапка чейин расмий тастыктала элек.

Корутунду: Чет өлкө — мүмкүнчүлүкпү же кооптуу оюнбу?

Бул окуялар дүйнө жүзүндө "таланттуу жаштар чет өлкөгө чыгып өнүгүшү керек" деген идеянын караңгы жагын көрсөтүп турат. Жумуш, искусство же карьера издеп чыгуу — көп учурда реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бирок аны менен кошо кооптуу шылуундар жана адам сатуу түйүндөрүнө кабылып калуу ыктымалдыгы да жогорулайт.

Жаштар, өзгөчө шоу-бизнес жана моделдик чөйрөдөгүлөр, кайсы агенттикке ишенерин, кайсы өлкөгө барарын, ал жактагы шарттар кандай экенин алдын ала кылдат изилдөөгө тийиш.

Бул көз караш — Вера К. жана мүмкүн болсо Матрангдын тагдырынан сабак алуу үчүн, адам сатууга каршы күрөшүбүздү күчөтүү үчүн, коом катары үн катуубуз керектигин эскертип турат.

 

 

Последние новости