www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облустук музыкалык драма театрынын курулушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин фондунан бөлүнгөн 45 миллион сом максатсыз жумшалган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгында юрист болуп иштеп кеткен Аскар Исабеков билдирди:

- Дегеле бул имараттын курулушунда ачыктан-ачык мыйзам бузуу болгон. Бул боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси, азыркы учурдагы өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев менен талаш-тартыштар болгон. Мисалы, объектини эксплуатацияга берүү 2017-жылдын октябрь айында Атамбаевдин катышуусунда болгонуна карабастан, курулуш башкармалыгы 2018-жылдын май айына чейин отчет берип жүргөн. Анан да бул жерде баалар өтө жогору болуп көрсөтүлгөн. Маселен, жабдыктарга 7,5 миллион жумшалса, аны орнотуу 25 миллион сомго чыгып кеткен. Мындын тышкары, отчетто январь айында имараттын сыртын жасалгалоого 12 миллион сом коротулганы жазылган. Бирок, биз, таластыктар кышында андай жумуш болгонун көргөн эмеспиз, - деди ал.

Аскар Исабеков бул иш боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганын билдирди. Ал ошондой эле драма театрынын айланасындагы мыйзам бузуунун айынан Марат Мураталиев менен пикири келишпей, 2017-жылдын февраль айынан тартып жумуштан өз каалоосу менен кеткенин кошумчалады.

Бул иштер боюнча облустагы капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Улан Нуралиевден да, губернатор Марат Мураталиевден да азырынча комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Облустук акимчилик жетекчилери премьер-министр менен жүргөнүн айтышууда.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрынын имаратынын курулушун аяктоого 2017-жылы 45 млн. сом бөлгөн. Былтыр театрдын ачылышында Атамбаев бул акчаны орусиялык досторунан алганын айткан.

Булак: "Азаттык"

Последние новости