www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Хайп" жаратып элдин талкуусунда калган тамашоучу Мыкы өзүнүн тарап кеткен видеосу жөнүндө үн катты. Ал өз сөзүндө "эң негизгиси менин жакын адамдарым чындыкты билишет жана түшүнүү менен туура кабыл алышты"-деп төмөнкү билдирүүнү калтырган.

"Достор, акыркы жума мен үчүн жашоодогу эң оор жума болду. Адам баласы болгондон кийин баарыбыз жаңылат экенбиз. Бул ката мен үчүн жана башкалар үчүн дагы чон сабак болду десем жаңылышпайм. Мен болгону туура эмес убакта, туура эмес жерде болуп калдым. Ал эми көрө албаган адамдар ошол учурдан пайдаланып, жеке жашоомо кийлигишип, каралоо максатында элге жаманатты кылышты. Ал күн менин эсимде жок. Чын.

Бул окуядан кийин мен башты жерге салып чөгүп кеткен жерим жок, ошол эле учурда эрдик кылдым деп мактанбайм. Чөгүп кеткендей законду бузган жокмун, бирөөнүн көзүнө чөп салган жокмун, киши өлтүргөн жокмун. Бойдокмун. Ушундай жаман окуяга кабылганым үчүн менин чыгармачылыгымды жакшы көргөн адамдардан кечирим сурайм.

Эң негизгиси менин жакын адамдарым чындыкты билишет жана түшүнүү менен туура кабыл алышты. Эми мындан дагы катуурак иштеп, сиздерди өзүмдүн чыгармачылыгым менен сүйүнтө бермекчимин. Ошондо чыгармачылыгымды каалашынча талкууласаңар болот. Ал эми жеке жашоомо аралашпооңорду суранам, ар кимдин жеке жашоосу ар кимдин өзүнүн иши. Туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деген ойдомун", -дейт Мыктыбек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости