www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарбияга өзөк болчу хадистер

Кайда болсоң да Аллахтан корк. Жаман ишиңдин артынан жакшы иш жаса, ал жамандыкты өчүрсүн.
Арак күнөөлөрдүн энеси, ким аны ичсе кырк күн дубасы кабыл болбойт. Эгер ичинде болуп туруп өлүп калса, динсиздик өлүмү менен өлөт.Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ким менен достошконуңарга көңүл бургула.Суу отту Мусулман мусулмандын бир тууганы, ага зулумдук кылбайт, кыйынчылыкта жалгыз таштабайт.
Кайсы бир адамдын үч кызы болуп, аларды ислам таалими менен жакшы тарбиялап өстүрсө жана момун адамга турмушка берип куттуу жайына кондурса, ал адам бейишке кирет.
Эгерде мусулман бир тууганыңдын сөздөрүн жакшы жакка чечмелөөгө кичинекей эле мүмкүнчүлүгүң бар болсо, эч убакта анын сөздөрү тууралуу жаман күмөндө болбо.
Сага таандык болбогон жакшы сапаттар менен сени мактаган адам, ачууланганда сенде болбогон жаман сапаттар менен сени шыбайт.
Уят жана ыйман бир. Бири жок болсо, экинчиси да жок болот.
Алла Таала бардык нерсеге жакшылык кылууну парз кылды. Андыктан эгерде сен өлтүрсөң да жакшылап өлтүр: малды сойсоң да аны кыйнабаш үчүн силердин ар бириңердин бычагыңар жакшылап курчутулган болсун.
Силердин эч кимиңер өзүңөргө ыраа көргөн (өзүңөргө каалаган) нерсени башка бирөөгө да ыраа көрмөйүнчө толук момун боло албайсыңар.

Булак: “Леди.kg

Последние новости