www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиядан мунайдын биринчи партиясы Пакистандын Карачи портуна келди. Бул тууралуу жекшемби күнү, 11-июнда Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф Твиттерде билдирди.
«Мен элге берген дагы бир убадамды аткардым. Карачиге арзандатылган россиялык чийки мунайдын биринчи жүктөрү келгенин жана эртең мунай түшүрүү иштери башталарын кубанычтуу кабарлайм», — деп жазган ал.
Шариф 11-июньду Пакистан үчүн “маанилүү күн” деп атады.
"Өлкө гүлдөп-өнүгүүгө, экономикалык өсүүгө жана энергетикалык коопсуздукка карай бара жатат", - деди премьер-министр Шехбаз Шариф.
Бул өлкөгө орус мунайынын жеткирилиши Москва менен Исламабаддын ортосундагы жаңы мамилелердин башталышы болуп саналат, деп кошумчалады Шариф.
Маалым болгондой, мунай түшүрүү иштери 12-июнда башталат.
Орусия менен Пакистан январдын аягында мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү боюнча концептуалдык макулдашууга жетишкен. Россия Федерациясынын энергетика министринин орун басары Сергей Мочальников кошумчалагандай, пакистандык тарап «Пакистан агымы» долбоору боюнча бардык суроолорун берип, аларга толук жоопторду алган.
Булак: NazarNews.kg