www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызтелеком» имаратын «Айыл банкка» сатууну пландап жатат. Бул тууралуу «Кыргызтелекомдун» административдик директору Бектен Жандаев 24-январдагы маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул маселе акыркы 2 жылдан бери талкууланып келет жана кардар катары «Элдик Банк» каралган.
«Кыргызтелеком» имараттын 4-5-кабаттарын техникалык бөлмөлөрү менен, ошондой эле жер төлөнүн бир бөлүгүн өзүндө калтырууну пландап жатат.
«Сатуу методологиясы талкууланууда. Аукцион болушу мүмкүн», - деди ал.
Жандаев имараттын жаңы ээси мамлекеттик ишкана болушу керектигин белгиледи.
Директордун айтымында, Байланыш министрлиги 80-жылдары өзү үчүн имарат курдуруп, министрликтин аппаратында 7 миң адам иштеген. Азыр «Кыргызтелекомдун» борбордук аппаратында 300 адам иштейт жана имаратты каржылоого жылына 40 млн сом сарпталат.
Жандаев имаратты (оргума комплекси менен кошо) сатууну «Кыргызтелекомдун» өзү демилгелегенин, аны «Al-Stars>>> компаниясы 18 млн долларга баалаганын кошумчалады.
«Бул жерде план боюнча мамлекеттик банктын борбордук кассасы жайгаштырылат», - деди Жандаев.