www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы ири жемкорлуктун бири катары каралган Улуттук тарых музейдеги коррупция Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Эксперттер тарабынан музейди оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Айыпталуучулардын арасында мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабеков бар. Аларга «жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция менен бириктирилген. 8-октябрдагы соттук отурумда күбөлөр суралды.

Ысык-Көл УКСинде иштеген Максат Малаев кимдир бирөө чалып чакырганын, 16-марттан баштап ишке киришкенин, сметасы жок техникалык иштерди аткарганын айтып берди. Эске салсак, Исаков менен Карыбаевадан башкасы тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн алардын иштери бөлөк каралууда. Бул тууралуу "Де-Факто" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости