www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук колдонуучу Ташбү Каразакова келин менен кайненин ортосундагы мамилени ортого салды. Төмөндө толугу менен...
Бүгүнкү жазган посттум кимгедир жагат же жакпайт кандай болгондо да, турмушта кездешип жаткан ачуу чындыкты жазамын. Ушул Ташбү эже оюна келгенди жаза берет дебегиле, кимгедир сабак болоор, кимдир бирөөнүн турмушу оңолоор. Анда бул постум кайненеге арналмакчы.
Кайнене келин экөө тең ынтымак болсо, бирин-бири сыйласа, бирине-бири жардам берсе, үзүлгөнүн улашса, жыртыгын жамашса, келин келгенде колдоо көрсөтсө, кайнене карыса келин аздектеп бакса, бул – ырыс! Мындай үй-бүлөдө жашоо жеңил, аура жакшы, ынтымакчылык түбөлүккө өкүм сүрөт, эң негизгиси үйлөнгөн баланын бактысы, апа менен аялы тил табышып жашап жатпайбы? Келиндин өнүп-өсүп, бала-чакалуу, үйлүү-жайлуу болуп кетишине кайнененин ролу чоң, аны келин да түшүнүп турат, мындайды шакекке көз койгондой, кемтиги жок деп коёт. Кана эми бүт эле үй-бүлөлөр ушундай болсо. “Беш кол барабар эмес”, дегендей, баары эле сыдыргыга салгандай, телегейи тегиз болбойт турбайбы? Өткөндө келин жөнүндө кеңири сөз кылганбыз. Бүгүн, бүгүнкү күндөгү кайненелер жөнүндө айта кетейин. Кээ бир кайненелер келинди үй-бүлө мүчөсү катары, уулунун өмүрлүк жары катары, неберелеринин апасы катары кабыл алышпайт, окуп капа болбогула кайненелер, келинди күң кул катары кабыл алышат. Келгиле, келинди көчөткө салыштыралы. Көчөттү эгип, суу берип карасаң анан көктөп мөмө берет. Ал эми келинге шарт түзбөсөң кантип сага бүлө боло алат. Кайнене охо кайненелигин укмуш кылат. Мисал келтире кетейин: кээ бир кайненелер, келинге “сага мынча калың төлөдүк, минтип сарыпай кылдык сага, минтип той кылып бердик” деп, келин көшөгөдөн чыккандан баштап, өмүр өткөнчө айтат, келинди баш көтөртпөйт, келин баарына чыдайт. Кээ бир кайненелер келиндин келген жерине, ата-энесине, бир туугандарына, элине, жерине асылып, сынтагып сүйлөйт муну эмне дейбиз. Уулуң болбосо, бирөөнүн кызы сенин үйүндө эмне кылмак эле, ойлончу баарын балаң үчүн кылдың, анан эмне ачууңду келинден чыгарасың, ортодо балаңды кыйнайсын, балаң баарын байкап турат. Кыйын бала болсо, эстүү келин болсо үй бүлө куруп кетет, анан “бала белде катын жолдо, мен апамды деймин, апамдын сөзүн эки кылбаймын” десе үй бүлө бузулат, балдар жетим калат. Кээ бир кайненелер келинди “ОТУРСА ОПОК, ТУРСА СОПОК, КАТУУ БАССА ТАСКАК, АКЫРЫН БАССА АКСАК” дешип, келиндин жакшы жагын эч көргүсү келишпейт. Бүт баардык нерседен айыбын таап, кайненеге кыздары, балдары, кээ бир туугандары да кошулуп алат. Ээ айланайын туугандар, келинди жаман көрсөң балаңды неге үйлөдүң, неге уул төрөдүң... Кээ бир кайненелердин кылыктарын көрүп, угуп уяласың. Катар-катар кыздары туруп кызматтын баарын келинге кылдырат, бул малдык аң сезим, эмне үчүн сен бирөөнүн кызын басмырлайсың, ким сага укук берди? Кээ бир кайненелер “мен да кайненеден азапты көргөнмүн” деп, бир жакшы келинге түрдүү азаптарды күн сайын салат, чыдаганы чыдайт, чыдай албаганы кетет.
Ээ, айланайын, кээ бир кайненелер, тамагыңды бышырып, кириңди жууп, эшигиңди шыпырып, небереңди төрөп чоңойтуп, өзүңдү сыйлап жатса, келинди жаман деп кайсы бетиң, кайсы тилиң менен айтып жатасың. Тообо кээ бир кайненелер бар, келинине кийим керек болсо, ата-энеңе айт алып берет дешет. Келин ооруп калса, ата-энеңе айт дарылатсын дешет. Ал эмес небереси ооруп, ооруканада жатса, дары-дармегин, канын даярдап алып бербеген кайнене, уулу бар. Ээ, айланайын, кээ бир кайненелер бул эмне деген ЭКИ БУТТУУ АЙБАНЧЫЛЫК. Ойлонгулачы туурабы ушул ишиңер. Келиндин кызматы, айлыгы жакшы билесиңер, келиндин укугун да биле жүргүлө. Кээ бир кайненелер идиш, кир жуулбай, үй жыйыштырылбай же тамак убагында бышырылбай калды деген майда көйгөйлөрдөн жаңжал чыгарасыңар, ушунуңарды койгула, эрте болбосо кеч болот, нервди сактагыла. Кээ бир кайненелер келин жакшыраак кийим кийип койсо, талмаңар кармайт, ал деле адам да.
Булар эч нерсе эмес, дагы бир кайненелер бар жазбасам болбой калды...
Жумушума байланыштуу көптөгөн адамдар өз башынан өткөргөн турмуштарын айтып беришет, ошолордун катарында бир келин, “сүйлөшүп жүрүп баш коштук, баары жакшыдай сезилди, анан эле башталды. Кайненем күйөөмдү жанынан чыгарбайт, жумуштан келип, чай ичип, апасын уктатып анан келип жатат. Бир күн биз жаткан бөлмөнүн терезеси тараптан катуу добуш чыгып онтогон үн чыкты. Түн жарымы болуп калган, баарыбыз топурап чыксак кайненем жатат эси ооп өзүн билбейт. Көрсө, биздин терезенин түбүнө 7-8 кирпичти биринин үстүнө бирин коюп чыгаарда жыгылып, башы ташка тийип эси ооп, эки кабыргасы сыныптыр. Ооруканада жатты, кайнатам, кыздары мен карайын десек болбой, күйөөмдү карайсың деди. Ошентип жүрүп кан басымы көтөрүлүп, инсульт болду. 5-6 жыл төшөктө жатып, ааламдан өттү. Ага чейин бизди канча жолу ажыраштырды. Үч кыз бир уулубуз бар, жашоомдун он жылы мен үчүн тозок болду дейт. Ошонун баарын көтөрөм деп, оорукчан болуп калып сизге келдим” дейт. Эми буга эмне дейбиз... айланайын кайненелер, адам баласынын колунан баары келет, ошондой эле ӨЗ УУЛУҢДУ КЕЛИНДЕН КЫЗГАНБАЙ коюш да келет. Уккан куракка уят, балаңды аягын. Ушул окуяны устазыма айтып берсем, “энелер, кээде ЭНЕ деген атка татыксыздар бар”, - деп дагы бир окуяны айтып берди.
Түнү бир оокум болгон, подьезд айкырык кыйкырык, менин эшигимди тарсылдатып “ач эле, ач өлтүрүп коёт” деген үндү угуп, эшикти ачсам, үстүнкү кабаттагы кошуна аял, артында аш бычакты кармап 35-40 тар чамасы баласы турат. Жаттык, таң атты, кошуналар топтолдук. Милиция чакыралы, баланын үстүнөн арыз жазалы, дедик да, жоок алдын ала угалычы деп апасын алып, баланын үстүнө кирдик.
--Улум, энени ушинтсең болобу, сага ак сүтүн берген, чоң кызматта иштесе, жогорку билими болсо, жакында пенсияга чыкса, деп насааттарды көп сүйлөдүк.
Бала да укту, мени каматаарыңардан мурда, “эмне үчүн бычак менен энеңди кубаладың?- дегилечи. Атам жок, жалгыз чоңойтту, окутту, үйлөдү. Рахмат.Сүйгөн кызыма үйлөндүм, эки балалуу болгуча тынч жашатпады, ата-энеси жакшы адамдар эле, балдарым чоңоюп калышты. Жүрүп-жүрүп апам өзү келин тапты, үйлөдү, жаман эмес келин эле. Аны да бир жыл жашатпады кетирди. Андан бир кызым мектепке окуюн деп калды. Менден башка болгондо, бычак менен союп салмак. Уктоочу бөлмөмө кирип, кайдагы бир сөздөрдү сүйлөйт. Мен эмне кылышым керек, жат аял эмес, бул менин апам. Эми камата бергиле” деди. Улуу муундагылар элек, “эки аялыңдын бири менен жараш, бөлүнүп жаша”, деп айттык. Көп өтпөй баласы апасынан бөлүнүп, апасы башка райондон батир алып көчүп кетти”, деп айтып берди. Тообо, тоободон башка эч нерсе айта албадым. Мындай эне болгуча өлгөнү жакшы. Кээ бир кайненелер жакшы келинди кадырлап бүлө кылып алгыла, өз балаңды, өзүңдү күзгүдөн кара, салыштыр. Келин жакшы болсо, кайнене чатак болсо да тиричилик келиндин чыдамкайлыгынан жакшы болот.
Аягына чейин окуп чыкканыңарга рахмат, келинге да, кайненеге да ынсап берсин. Ар бир үйдө ынтымакчылык орносун, түшүнүшүү болсун. Адам өмүрү эң кыска, бирге жашаган жакындарыбыздын көңүлүн оорутпайлы, кимге кандай мамиле кылсаң, Кудайым сага ошону кайтарат. Менин жазгандарымды көпчүлүк кайненелер окушпайт, “Ташбү эже мынтип жазыптыр”, деп окуп берип койгула. Жакшы кайненелерге, ЖАКШЫ КЕЛИНДЕРГЕ ДАҢК жана АЛКЫШ!
Ташбү Каразакова, дарыгер
Булак: NazarNews.kg