www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Баткендин Дача аймагында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Баткен районунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар аймакта ички коопсуздукту сактап турган милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, таш менен ура баштаганда күч кызматкерлери элге каршы атайын үн чыгаруучу каражаттарды колдонду.

Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  Жараат алып, ооруканага жеткирилгендер бар экенин айтты. Бирок канча киши жараат алганы азырынча белгисиз.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалдан улам Ак-Сай айылынан 600гө жакын тургуну коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Алар Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости