www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 13-январдагы буйругуна ылайык, Тажикстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода башка ишке өткөнүнө байланыштуу элчилик кызматтан кетти. Бул тууралуу тажик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, анын ордуна Рахмондун дагы бир буйругу менен 52 жаштагы Назирмад Ализода Тажикстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Элчилердин алмашуусу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында дагы бир чыр катталган учурга туш келди. Азырынча расмий Дүйшөмбүнүн өз элчисин алмаштыруусуна акыркы чек ара чатагынын тиешеси бар-жогу белгисиз.

Маалымат боюнча, Тажикстан президентинин буйругу менен өлкөнүн башка айрым мамлекеттердеги элчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да алмашкан.

Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости