www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон бир айлык маянасын коронавирус менен күрөшүү эсебине которду. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышат.

Ага ылайык, өлкө башчы өзүнүн айлыгын пандемияга каршы күрөшүүгө салымы катары, ал эми президенттин резервдик фондунан дагы 1 миллион 200 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын медиктердин кошумча акы төлөмдөрү үчүн бөлдүрүп берген.

"COVID-19 илдетине байланыштуу ишке тартылган саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо багытында эмгектенген кызматкерлерге бир айлык маянасынан тышкары дагы 3 айлык премия кошумча акы катары төлөнүп берилет" , - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 15-апрелде Тажистанда коронавирус инфекциясы расмий түрдө аныкталган. Анда бул илдет менен 15 жаран жабыркап жатканы айтылган.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости