www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев кабинетке кимдин сүрөтүн илгенин соцтармактагы баракчасына жазды.

«Элчиликте сүйлөшүүлөр бөлмөсүн оңдоп бүтүп, дубалга кандай сүрөт илсем экен деп көпкө ойлондум. Элчиликке келген ар кандай элдердин өкүлдөрү бул сүрөттөн Кыргызстан жөнүндө максималдуу маалымат алыш керек. Бир эле убакта Кыргызстандын жаратылышын гана эмес, кыргыз элинин ой-тилегин, ниет-максатын, мүнөзүн жана тарыхын, келечегин көргөзүш керек.

Көпкө ойлонуп отуруп, Семён Чуйковдун «Дочь Советской Киргизии» картинасынан өтөөрү жок экен деп чечтим. Сүрөттө Кыргызстандын жаратылышынын, тоо-талаанын фонунда томурайган айылдык кыз китеп кучактап, алыскы горизонтту тике карап, чечкиндүү кадам шилтеп бара жатат. Бул сүрөттө мындан 100 жыл мурунку Кыргызстандагы революциялык өзгөрүүлөрдүн бир көрүнүшү чагылдырылган. 100 жыл мурунку Кыргызстанда феминисттик кыймылдын күчөп турган кези экен. Сүрөттөгү кыз илим-билимге умтулган, келечекке ишенимдүү караган, өсүп-өнүгүүнү максат кылып, ал үчүн күрөшкөн жаштардын өкүлү.

Бул сүрөт биздин чоң эне, апа, эжелерибиздин образын берет. Алар ушундай болушкан. «Ата баланы, эне улутту тарбиялайт» дегендей, биздин эне-эжелерибиз улуттун мүнөзүн калыптандырышкан. Мүнөз — бул тагдыр демекчи, бул сүрөт биздин тарыхыбызды эле эмес, келечегибизди да чагылдырып турат», — деп жазды саясатчы.

Последние новости