www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору тарабынан (International Achievements Research Center “Жылдын мыкты университети – 2022” деп табылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борборунун куттуктоосунда университеттин потенциалы, ишмердүүлүгү, илимий жетишкендиктери жана эл аралык мамилелердеги ийгиликтерине эксперттер тарабынан баа берилгендиги айтылган. Жыйынтыгында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети эл аралык мамилелер багытындагы сынакта жеңишке ээ болду.

Ошондой эле IARC борбору И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева “Жылдын ректору – 2022” деп тапты.

Маалымат үчүн: Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору Монреаль шаарында жайгашкан. Бул уюм илим, билим берүү, өнөр жай, бизнес жана технология тармагындагы таланттуу адистердин ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө түзөт.

Последние новости