www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аттиң ай, тарыхты кылчая карайлычы Тарых музейи мурдагы УКМК болгон, ал эми Токтогул менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде түрмө жайланышып, далайлардын көз жаштары көлдөгөн. Ошол эле жерде мүрзө жайланышып, атууга өкүм чыкканын да, чыкпаганын да ошол жерди оюп көмө берген. Аларга өкүм Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыккан. Токтогул менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги түрмөнүн ордунда көп кабаттуу имарат бар. 2012 жылы ноябрда ошол жерди «Республика» партиясы республикалык штаб кылып алган. Штабдын жетекчиси Досалы Эсеналиев эле, накта менежер. Мурун ушул жер түрмө болчу деп ошол жерден уккам, бир аксакал зыркырап айтып берген. Канчалаган өмүрлөр ушул жерден кыйылды...
Дагы бери келсек, 2015-жылы ал кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев түшүнөн чоочугансып Мамлекеттик тарых музейин Түркиянын акча каражаттарынын эсебинен реконструкциялоо боюнча атайын буйрук чыгарган. Келишим боюнча TIKA компаниясына тарых музейин оңдоп түзөө боюнча үч жылга 15 миллион доллар бөлүнөт, бул дээрлик улуттук валюта менен эсептегенде миллиард сомдон ашат. Мунун ичинде 4 миллион долларды же 280 миллион сомго жакын каражатты музейдин маңдайкы тарабын (фасадын) жана анын алдын көрктөндүрүүгө жумшоону чечишет. Түркиядан келе турган акча каражаттарынын келишин күтпөй эле, өкмөт тарабынан курулуш иштери үчүн республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүү тууралуу бир нече чечимдер чыккан. Тендер кандай өттү, бюджеттин кайсы булактарынан, эмнеге акча каражаттары бөлүндү?
Тарых музейинин сметасы жана тендер боюнча өкмөт башчысынын бир нече токтому жана буйруктары чыккан. Тарых музейине акча бөлүштүрүү жана сыноо комиссиясын уюштуруу боюнча 2016-жылы мартта ал кездеги премьер-министр Темир Сариевдин Буйругу чыккан. Ушул буйруктун негизинде 2017-жылдын апрелинде конкурстук комиссия тарабынан башкы куруучуну (генподрядчик) тандоо жана бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү боюнча иштер жүргөн. 2017-жылдын майында жана ушул эле жылдын августунда бюджеттик каражаттарды тарых музейине керектүү нерселерди сатып алууга багытталган чечимдер чыккан. Ушул чыккан чечимдерге таянып, 2017-жылдын 1-мартынан бери президенттик аппаратын жетектеп келген Сапар Исаков бүт көңүлүн тарых музейине буруп, 2017-жылдын 25-августунда Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон соң жалпы Кыргызстанды ойлобой, кышкы суукта ТЭЦтин элди үшүткөнүнө кайыл, бир гана тарых музейи деп баса жатып калган.
Бул жерде коррупция жыттанган жокпу? Сапар Исаковдун мынча акчаны талаага чачып жатып жанталашканынын себеби эмнеде? Бул долбоор акыйкат каралды беле? Бул суроолор элдин мээлерин эзет. Тарых музейин алынып келинген товарлардын баалары асмандап кеткенин билебиз, бул тууралуу эл аралык аудиттер жооп бере албай турушат. Албетте, эл аралык аудиттерди пайдалануу үчүн да акча каражаттары керек, бирок салык төлөөчүлөрдүн акча каражаттары кантип, кандайча жок болгон, эмнеге чыгымдалган муну да билишибиз керек.
Совет учурунда Турдакун Усубалиев жаңы салынып жаткан Ак үйдү, Борбордук «Ала-Тоо» аянтын жана ал жерде жайгашкан ак мрамордон салынган имараттары, ошондой эле азыр тарых музейи аталган, ошол кездеги Ленин музейин кандай саксактап караса, өкмөт башчысы кезинде Сапар Исаков тарых музейин «эрке баладай» бөпөлөп, өз колуна алган. Акыркы мезгилде тарых музейи тагдырдын сынына калгандай.
Музейди жасалгалоодо кеткен чыгымдар элдин ооздорун ачырган. Анткени, бир орундукка эле 100 миң сом кетсе, эшек түспөлдүү жыгач аттар 600 доллардан сатылып алынган. Эмне үчүн тарых музейинин маңдайкы тарабы түркиялыктардын грантынын эсебинен курулса, ал эми ички ремонтторго эл чогулткан бюджеттик мамлекеттик акча каражаттары колдонулган? Түркиянын компаниясы тарых музейин реконструкция кылууну толук өз мойнуна алган соң, элдин акчасына, бюджетке сук артуунун кереги бар беле?
Музейдин ички бөлүгүн жаңыртууга 1 миллиард 569 миллион 477 миң сом бөлүнгөн. Миллиарддарды бөлүп талаага чачкандай биз ошончо бай мамлекетпизби? Дагы кайталап койолу 2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 миллион 650 миң сомду түзгөн. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча кылмыш иши аяктады. Процессте судья Марат Сыдыков төрагалык кылган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg