www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев Момбековго баа берди

Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, куюлуштуруп сүйлөп, аркасында калбыры бар өкмөт мүчөлөрүнүн түшүнө кирген, КСДПнын депутаты Рыскелди Момбековго Текебаев туура баасын бериптир.

Ал: «Армениядагы, Украинадагы акыркы окуялардай эле биздин дагы коомчулук эски саясий элитадан чарчады. Мен жаш курак тууралуу айткан жокмун. Эл системалык саясатчылардан тажады. Элдер жаңы баатырды издеп жатышат. Рыскелди Момбеков ушундай стандарттуу эмес, салттуу эмес саясатчы. Анын рейтингин караңыздар.

Акыркы жылдагы рейтингдер боюнча социалдык тармактардагы көрүүлөр, пикир калтыруулар боюнча Рыскелди Момбековго тең келгендер жок. Саясатчы катары мен бул процесстерге кызыгып дагы, кызганып дагы көз салып келем. Момбеков өсүүгө даяр экенин көрсөттү, фольклорчудан дагы көрүнүктүү саясатчы чыгарын далилдеп жатат», - деп Текебаев кызыгып да, кызганып да пикирин билдириптир. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости