www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роза Отунбаева баш болуп, партия лидерлери төш болуп, президенттен Өмүрбек Текебаевге мунапыс берүүсүн суранып кайрылды. Бирок мыйзам чегинде  күнөөкөр өзү арыз жазып кайрылышы керек экен. Текебаев бул сунуштан баш тартты. Эмнеге арыз жазып кайрылгандан баш тартты аны эч ким билбейт.

Бир жагынан Текебаев күнөөсү жок камалганын бетке кармап жаткандагы көрүнүшпү? -деген ой пайда болууда. Айткандай камакта камалып жаткандан көрө, ажого арыз жазып кайрылып, абактан чыккандын амалын кылыш керек болучу. Анткени биздин өлкөдө кимге ишенип болот, мыйзам эмес акча негизги ролду ойноп турганда.

Азыр илгери союздун убагындагыдай таза иштеп, таза жүргөн ким бар? Эгер акыйкат болгондо мамлекетибиз жарды, кризиске кабылган бойдон  турбайт эле го? Бирок оппозицияда жүрүп көнүп калган Өмүрбек мырзанын оюу эмнеде экенин өзү эле билбесе, эч ким ага жооп бере албачудай, балким дагы бир саясий “шоу” күтүп турган чыгар.

Кыскасы, Текебаевдин көөнү түрмөдө, Отунбаеванын көөнү өскөндө болуп жатат, тактап айтканда “баланын көнү талаада, эненин көөнү балада”...

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости