www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адистер телефон алдатып, банктык картадан акча уурдатып алыштын себептерин , жана жол-жоболорун айтып беришти. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.
Банктык адистердин айтымына караганда, сиз менен биринчи аңгемелешип жаткан адамдын талап кылып жаткандарына көңүл буруу керек. Картанын номери же пин-коду, ошондой эле CVV-код, СМС-билдирүүнүн коду жана сыр сөздөр тууралуу маалыматты эч качан албайт.
Эгерде ушул өңдүү суроолор болсо телефонду коюп салып, картада көрсөтүлгөн номер боюнча банкка байланышуу керек. Мүмкүн болсо башка номерден чалуу зарыл.
Ошондой эле эксперттер маектешкен адам өзүн банк кызматкеримин деп тааныштырып, кимдин бирөө сиздин акчаны чыгарып кетейин деп жатканын айтса шек саноо зарыл.
Бул учурда чалган кишинин аты-жөнүн тактап, кеп кайсы карта тууралуу болуп жатканын билүү керек.
Алдамчылардын мындай суроого жообу жок болгондуктан абалдан чыгууга аракеттенишет. Тагыраагы, мукактанып же жооп берүүдө буйдалып калат. Мунун кыраакы киши байкашы керек.
Мындан тышкары, аңгемелешкен кишинин мамилесине көңүл буруу керек. Негизинен банк кызматкерлери кардарлардын тынчын ашыкча алып, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууга шаштырбайт.
Булак: NazarNews.kg