www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сѳздʏн кыстырмасы мындай, биз Москвадан, Горбачевдун ѳз колунан генералдык «погонь» тагынган Феликс Шаршенбаевич тууралуу сѳз кылган жокпуз.Ооба, илгери Акаев келе электе кʏчтʏʏ генерал катары,элине жагып «темир генерал» -деген элдин баасын алган. Андан бери отуз жыл ѳттʏ, генерал Феликс Кулов вице-президент, Чʏй губернатору, Бишкек мэри, Коопсуздук министри сыяктуу Акаевдик тепкичтен тʏз ѳтʏп кете албай, 2005-жылга чейин «абийир туткуну» катары абакта жатса, кийин Бакиевдин заманында тандем менен премьер болгон. Ушунча жылдан бери «темирди» деле дат басып калат турбайбы, ал эми «Темир генерал» Кулов деле журналисттер баамдагандай дат басып калгандыр. Эгерде «Кумтѳрдʏн» алтынына эле чайкалып албаса! Чынында эле, Феликс мырза Шаиковага унчуга албай котур генералга айланып кеткен.
Ал эми биздин сѳзʏбʏздʏн башкы багыты генерал наамы дегенде «кѳзʏ кызарган», албетте, «аракеттеги» эмес генерал чинине чукулдап барган Шаикова тууралуу. Шаикова СЦИУну жоготуш ʏчʏн Жогорку Кеӊешке «май талкандуу» Мамкаттоо кызматынан СЦИУнын алдындагы мамлекеттик мекемени жоюп, анын функциясын «Инфоком» мамлекеттик ишканасына берʏʏ тууралуу мыйзам долбоорун, мыйзамдан тышкары карап берʏʏсʏн ѳтʏнѳт.
Өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасына Бишкек шаарындагы Камская көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан имараттан орун бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул тууралуу буйрукка ал кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон. Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына «Инфоком» ишканасын белгиленген тартипте имараттын 1-кабатындагы 506,8 чарчы метр аянтты ээлеген жана 431,8 чарчы метр аянттагы цоколь кабатындагы имаратка акысыз негизде, коммуналдык кызматтар менен эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарты менен жайгаштыруу тапшырмасы берилген.
Мурда «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Манас проспектисинин №28 дарегинде акысыз негизде жайгашкан. Кошумчалай кетсек, «Инфоком» МИ Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүү жана персонификациялоо боюнча иш жүргүзөт. Бул ишкана 1997- жылы тʏзʏлгѳн. Бул жерде «Инфокомдун» эч ойлонулбаган аракети ишке ашып жатат.СЦИУну жоготуш ʏчʏн 5 чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш «май талкандуу» Мамкаттоо кызматынан А.К.Шаикова СЦИУнын алдындагы мамлекеттик мекемени жоюп, анын функциясын «Инфоком» мамлекеттик ишканасына берʏʏ тууралуу мыйзам долбоорун, мыйзамдан тышкары (вопреки требованиям законодательства) карап берʏʏсʏн ѳтʏнѳт. Кѳрсѳ, Шаикованы жѳн эле адамдар колдобоптур, аны кыргыз ѳкмѳтʏ (с поддержкой Правительства) дал ѳзʏ колдоп берген.Мыйзам боюнча калктын реестрин алуу максатында «Инфоком» айдоочулар тармагы жана транспорт каражаттары менен иш алып барып жаткан СЦИУ (Специалированный центр информационных услуг) менен бириккен. Бул калктын бирдиктʏʏ регистрлѳѳ иш чарасы боюнча купуя бир топ факторлор бар:СЦИУ Башкы башкармалыгы айдоочулардын кʏбѳлʏгʏн берет. Албетте, ѳзʏбʏздʏкʏн да, бизде жашаган чет элдиктердикин да. Ал эмес бул мекеме юридикалык жактарды кайра регистрациядан ѳткѳзѳ албайт деген тескери маалымат бар.
Колдогонуӊ чоӊ болсо, мыйзамдан тышкары иш жасаса да болот
Юстиция министрлигинин 2010-жылдын 20-январындагы №153 буйругунун негизинде бул мекемеге мыйзамдуу Кыргыз Республикасынын ИИМнин МАИ Башкармасынын алдындагы чарбалык эсептеги компьютердик борбору» -деген кʏбѳлʏк 2010-жылдын 20-январындагы ГПР №0088926 мамлекеттик каттоодон ѳткѳн. Шаикова болсо ѳкмѳткѳ таянып, мыйзамды аттап ѳткʏсʏ келет. Граждандык Кодекстин 2 бѳлʏмʏнʏн 96 беренесинде бул катачылык деп оркоё жазылып турат. Ал эми комиссияга эки орунда отурушкан СЦИУ менен ДРТС жана ВС (Департамент регистрации транспортных средств и водительского состава) менен биргелешип туура эмес иш алып барып жатат деген жалган маалымат берген. Чындыгы, экѳѳ мамлекеттин борборунун ар кайсы аймагында отурушат. «Анкер» ЖЧКсы автотранспортторго мамлекеттик номерлерди даярдап берʏʏ тууралуу СЦИУ менен келишим тʏзʏлгѳн. Ушул келишим боюнча «Анкер» ЖЧКсы чет элдик номер белгилерин берип жана эл аралык жол кыймылы ʏчʏн айдоочуларга атайын жекеме кʏбѳлʏктѳрдʏ берип турган «Атлас Крипт» ЖЧКсы менен келишим тʏзгѳн. Ушул келишимдин негизинде «Атлас Крипт» ЖЧКсы Швейцариянын Цюрих шаарындагы инвесторлор менен келишим тʏзʏшкѳн. Керек болсо, бул талашты чечʏʏ максатында эл аралык сот органдарына кайрылса болот. Боор- жʏрѳгʏ борборго батпай бараткан ѳкмѳт бул долбоордун анык-бышыгын аныктабай эле, башкы кезекке социалдык жарылууну коюшкан. Себеби, СЦИУдан 230 адам, анын ичинде 67 пайызы аялзаты,14 жашка чейинки балдары бар энелер да бар. Албетте, алардын Башмыйзамдагы эмгекке карата укугу бузулуп жатат. СЦИУ менен «Инфокомдун» Граждандык кодекс боюнча иш аракети ар кандай болгону менен, экѳѳнʏн теӊ менчик формасы мамлекеттик. Кандайча мамлекеттик номер белгилерин СЦИУ жасап, «Инфоком» сатат? Андан тышкары ал тʏшкѳн акчанын пайызын ѳзʏнѳ алат? 2011-2013 –жылдары «Инфоком» ѳзгѳчѳ комбинациядагы мамлекеттик номерлерден 34 миллион иштеп тапкан. Эсептѳѳ палатасы республикалык бюджетке 8 млн сом тʏшпѳй калганын аныктады. Пилоттук долбоорду киргизген ѳкмѳттʏн бул иштери акталган жок. Эки ишкананын финансылык ресурстарын бириктирʏʏ Эмгек кодексинин 78 беренесин одоно бузгандык болуп эсептелет. Мамлекеттик каттоо жетекчиси СЦИУнун жумушчуларынын 15% кыскартып эмгек мыйзамдарын бузуп жатат. Граждандык Кодекстин 96 беренесинде да бул укук бузуучулук байкалат. 2013 жылдын 3-мартындагы № 109 жана 2013 жылдын 6 майындагы № 240 мыйзамдар одоно бузулуп жатат. Юстиция министрлиги «СЦИУ жѳнʏндѳ» мыйзам Жобосун 2014-жылдын 13 январда ( за исх.№ 02-6/234 и повторно Устав ГУ СЦИУ 28 марта 2014 года 02-2/3304) караган. 2014-жылдын 26 июнунда СЦИУнун Жобосу жана Уставы ѳкмѳттѳ бекиген эмес. Себеби белгисиз, кимден суралат эле? Ошондуктан, ушуну бетке кармап мамлекеттик ишкананы жойгон жатышат. СЦИУ тууралуу Жобо ГРС жана Минюстта каттоодон ѳтʏп кʏбѳлʏк алган. Мыйзам боюнча муну жоюу ʏчʏн соттун чечими, же мыйзамдын одоно бузулушу шарт, болбосо банкрот болушу зарыл. Мындай негиздер жок! СЦИУнун кирешеси жыл сайын ѳсʏп баратат, эгерде 2010- жылы 40,7 миллион болсо, анда 2011- жылы 116,4 млн., 2012 -жылы 143,6 млн, 2013 -жылы 171,0 млн, 2014 -жылы 77,0 млн. Республикалык бюджетке салык тʏрʏндѳ которулган акча каражаттары: 2010 жылы 9,1 млн. сом, 2011 жылы 18 млн, 2012 жылы 21,2 млн, 2013 жылы 23,2 млн, 2014 года жарым жылда 11,8 млн.сом. Бул ишкана 1997 жылы тʏзʏлгѳн. Бул жерде «Инфокомдун» эч ойлонулбаган аракети ишке ашып жатат. Бул жерде канча тагдырлар чечилип жатат, мамлекет болсо бир тыйын да пайда кѳрбѳйт. Бир гана кекиртеги кенен чиновниктер пайда кѳрѳрʏ белгилʏʏ, мындай кеӊкелестиктен кутулуу ʏчʏн эмгек жамааты ʏмʏт кылат.Бары бир акыйкаттык орнойт!
Шаикованын туугандары тууралуу
Шаикованын жубайы Мусуралиев Узарбек Камчыбекович убагында Салык инспекциясын чаӊдатып жʏргѳн эрендердин бири экен. Жѳн да кызмат аткарбай ГНСтин секторун сермеп жʏргѳндѳрдѳн экен. . Ал бактысыз павильондун орус тилдʏʏ ээсинен, кѳнʏмʏш пара алып жаткан жерден, шʏмшʏйʏп колго тʏшʏп калат. Шаикованын бул жубайы тʏнкʏ саат 2-дѳ 200 доллар ала турган бул жерден, 1000 доллар доолап келип «капканга» тʏшкѳн. Ал эми ага таянган жубайы Шаикова бул мекемеге кызматына таянып тийишкен. Албетте, Шаикованын акча жандуу жубайынын ишин сот тергеген, ал эми Шаикованы бир тууган агасы Ички иштер министрлигинен «за грубые нарушения служебной дисциплины» «скандал» менен кубаланып чыкканы, Шаикованын жʏзʏн ачык кѳрсѳтʏп турат. Анын кетирген кемчиликтери ʏчʏн хулиганчылык ʏчʏн кылмыш жазасына тартылып жатат. Ал эми Шаикованын дагы бир бир тууганы мамлекеттик жогорку ишти дискредитациялаганы ʏчʏн дипломаттык иштен сʏрʏлʏп калган. Ал Тышкы иштер министрлигинин консул кызматы Департаментинде иштеп келип коррупциялык мыйзам бузуулар менен кубаланган. Албетте, Шаикованы мамлекеттик Казначылык тыкыр текшерип жаткан учурда, «вскроется ни одно, и даже не два тяжких должностных преступлений Шаиковой А.К.». Бул ишканада ал ʏй-бʏлѳсʏндѳгʏ мындай кыӊыр иштерди жашырып, ал эмес парламенттик «Ар-Намыс» фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов да билбестир.Кызык Шаикова автобиографиясында мындай кылмыш иштери рууралуу неге ооз ачкан эмес. «Мамлекеттик кызмат жѳнʏндѳ» мыйзамдын 31 беренесинин 8 пунктунда мындай учурда кызматынан бошотуу тууралуу мыйзамыбыз жазылып турат. Неге Улуу урматтуу депутат, фракция жетекчиси, генерал Феликс Кулов мыкты билип туруп унчукпай койгон.
Шаикова пара алды беле? 2019-жылдын 5-августунда КР Башкы прокуратурасы тарабынан Алина Шаиковага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жызы кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлүп, ал издөөгө жарыяланган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Алина Шаикованы издөө иштери уланууда. Маалыматка караганда, соцтармактарда жарыяланган «ИНФОКОМ» Мамлекеттик ишканасынын мурунку директору Талант Абдуллаевдин видеосуна УКМКнын эч кандай тиешеси жок. YouTube каналында “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевдин видео көрсөтөмөсү жарык көрдү. Анда ал мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова жалпы жарандык паспортторду даярдоо үчүн өткөрүлө турган тендерде Литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясын колдогондугу тууралуу айтылат. Бул колдоо үчүн Талант Абдуллаев өзү дагы 20 миң доллар өлчөмүндө пара алгандыгын тастыктап жатат. Бул видео материал качан, кандай жагдайда тартылгандыгы белгисиз. УКМК тасманын анык же анык эместигин тастыктаган эмес. Болгону тендер иши боюнча тергөө уланып жаткандыгын маалымдашкан.
Алина Шаикова эл аралык издөөдө жүрөт Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку Статс-секретары “Б.Д.Б.”, төрага орун басары “С.Р.Р.” жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы “А.Т.Т.” карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан өкүм чыгарылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма соз кызматы билдирди. Тергөө органдары тарабынан аталган кызматкерлерКР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуп, мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүү үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталды. Жыйынтыгында, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-б. (Коррупция) боюнча күнөлүү деп табылып, жумшартуу шарттарын эске алуу менен “С.Р.Р” 270 000 сом, “А.Т.Т.” 270 000 сом, “Б.Д.Б.” 230 000 сом мамлекетке айып төлөө милдеттендирилди. Аталган кызматкерлерге карата өкүм чыгарууда сот айыпталуучулардын кылмышты тергөөдө жана айкындоого багытталган келишимдин бардык шарттарын жана милдеттенмелерин так сактагандыгын, жана ошондой эле күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, өкүнгөндүгүн эске алды. Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку Төрайымы А.К.Шаикова коррупция боюнча айыпталып, азыркы учурда эл аралык издөөдө. Учурда биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча бардык катыштыгы бар адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу багытында тергөө иштери уланууда. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg
|