www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда сот Интерполдун мурдагы башчысы Мэн Хунвэйди 13,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты. Интерполду 2016-жылдан бери жетектеп жүргөн Хунвэй 2018-жылы сентябрда Кытайга барганда дайынсыз жоголуп кеткен. Бээжин бир айдан кийин гана ал пара алган деген шек менен камакка алынганын ырастаган.

2019-жылы июндагы сот отурумунда Мэн Хунвэй эки миллиондон ашык доллар пара алганын мойнуна алган. Кытайдын коммунисттик партиясы аткаминер мамлекеттин акчасын чачып, кызматын кыянат пайдаланып, партиянын чечимдерин аткарган эмес деп жарыялаган.

Хунвэй Интерполду жетектегенге чейин Кытайда коомдук коопсуздук боюнча министрдин орун басары болуп иштеген жана өлкөдөгү таасирлүү саясатчылардын бири эле. Анын аялы күйөөсүнүн камалышында саясай өңүт бар экенин айтып келет. Ал Интерпол анын үй-бүлөсүн коргоп кала алган жок деп, уюмду сотко берген.

Убагында Мэн Хунвэйдин Интерполдун башчылыгына дайындалышын укук коргоо уюмдары кескин сындаган. “Эл аралык мунапыс” уюму Кытай чет өлкөдөгү диссиденттерди кармоо үчүн Интерполду пайдаланышы мүмкүн деп эсептеген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости