www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Темир Аргенбаевич, сиз “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссияны жетектегенде бир топ маалыматтарды элден жашырбаса, Жогорку Кеңештин кабыл алган чечими Кыргызстандын пайдасында болмок деген Дастан Сарыгуловдун сөзүнө өз чындыгыңызды айтайын деп жатпайсызбы. Алгач, мамлекеттик комиссиянын төрагасы болууну сизге ким сунуштаган? Ушуну коомчулук билип алсын..

— “Кумтөр” маселеси боюнча канча деген адамдардын аты айтылып, күнөөлүүлөр деп жүрүшөт. 2012-жылы Жогорку Кеңеште “Кумтөр” боюнча чоң маселе көтөрүлгөн. Анын жыйынтыгы менен мамлекеттик комиссия түзүү чечими кабыл алынган. Бул июнь айы болчу. Бабанов премьер-министр эле. Жогорку Кеңештин жолдомосунда мамлекеттик комиссияга депутаттар, мамлекеттик жана коомдук уюмдар, көзкаранды эмес эксперттер дагы кирсин деп айтылган. Сентябрда мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Башчысына мени сунуштап калышты. Мен Бабановго барып, мамлекеттик комиссия түзүлүп жатат, төрагасы премьер-министр болсун, жок дегенде вице-премьер болсун деп айттым. Бабанов “Темир Аргенбаевич, бул абдан жооптуу болуп турат. Сизге эл ишенет. Өкмөттөн кеңешип комиссиянын төрагалыгына сизди чечип жатабыз” деген. Ошондон кийин макул болгом. Мамлекеттик комиссиянын 25 мүчөсү болду. Комиссия 3 багытка бөлүнүп иштеди. Биринчиси экономикалык, экинчиси юридикалык, үчүнчүсү техникалык-экологиялык багыт деп. Техникалык-экологиялык багытты О.Артыкбаев жетектеди. Анда ал Мамэкотехникалык инспециянын жетекчиси болчу. А.Шыкмаматов юридикалык топтун башчысы болду. Ал юстиция министри эле. Экономикалык топту финансы министринин орун басары Бойгончоков жетектеген.

— Комиссиянын ишине жогор жак таасир бере алган эмес деп так айта аласызбы?

— Дастан Сарыгулов мамлекеттик комиссия бирөөнүн буйругун аткарды деп айтып жатпайбы. Бизге эч кимдин буйругу болгон жок. Атамбаев дагы кийлигише алган эмес. Биз мыйзамдын чегинде болгон укугубузду колдонуп иштедик. Сырттан Германиядан, Словениядан эки экологиялык эксперттерди алып келгенбиз. Алардын жыйынтыктары да бар. Андан башка юридикалык консультанттарды алдык. Калганын ички эксперттик топтор менен иштегенбиз. Ошонун негизинде отчёт чыккан. Отчёттун жыйынтыгын парламентте 2 күн бою 16 саат тикемен тик туруп жооп бердим. Биз болгон күчүбүздү жумшап, баарын ачыкка чыгардык. Баардык фамилияларды жаздык. Акаевден баштап Бакиевге чейинки фамилиялардын баары жазылды. Ошол убакта президент болуп турган Атамбаевдин фамилиясы да жазылган. Анткени, 2007-жылы премьер-министр болуп турганда келишимге өзгөртүү киргизем деп атайын жумушчу топ түзгөн. Анысы ишке ашпай калган. Парламент таркап кетип, ратификация болбогон.

— “Камеко” Кыргызстанга кантип келип калган? Башкы келишимге кайсыл жерде, ким кол койгон?

— Бизге эң биринчи “Сиабеко” деген фирма келген. Анын башында Бирштейн деген канадалык инсан болчу. Ошол адам Кыргызстан менен биргелешкен “Сиабеко-Кыргызстан” деген фирма ачат. Ага сырткы инвесторлор менен сүйлөшкөнгө чоң укуктар берилет. Бирштейн “Камекону” алып келип олтурат. “Камеко” “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө консенциялык жол менен алып жатат. 1992-жылы Торонтодо (Канада) Дастан Сарыгулов “Кыргызалтындын” башчысы болуп туруп Башкы келишимге кол койгон. “Камеко” тараптан Эндрю Льюс кол коёт. Ошонун негизинде “Камеко” “Кумтөр” кенин иштеткенге мүмкүнчүлүк алат. Ал убакта мыйзам боюнча конкурс болуш керек болчу. Конкурс болбойт, бир топ эл аралык компаниялар болгон, аларга берилбей, “Камекого” берилип жатат. “Камеконун” алтын иштетүү тажрыйбасы болгон эмес, алар уран иштеткен ири компания. Биринчи катачылык конкурс өтпөй эле “Кумтөрдү” “Камекого” бергенинен кеткен.Экинчиси, Дастан Сарыгулов кол койгон келишимдин негизинде “Камекону” баардык салыктардан, төлөмдөрдөн, анын ичинде кыйыр жана түз салыктан бошотот. Комбинат салынып бүткөнгө чейин бошотулат, андан кийин иштегенден баштап дагы 5 жылга чейин баардык салыктан бошотот. Мына ушул экинчи чоң, орой кемчилик болгон. Үчүнчү орой кемчилиги, ТЭО боюнча курулуш 276 млн доллар болмок, бирок 175,6 млн долларга көбөйгөн. Бул 63 пайызга көбөйгөндү билдирет. Буга ар кандай шылтоолорду айтышат. Башкы келишимдеги төртүнчү катачылыгы, Кыргызстан экиден үч бөлүгүнө ээ болгон, “Камеко” үчтөн бир бөлүгүнө макул болушкан. Бирок, “Камеко” келишимге өздөрүнүн кызыкчылыгын киргизип, директорлор кеңешинин ордуна аткаруучу комитетти түзгөн. Аткаруучу комитеттин эки адамы “Камеко” тараптан, бир адам Кыргызстандык болуп калган. 67 пайыз үлүшкө ээ болуп туруп, биз көзөмөл кылчу кеңешке бир адам, 33 пайыз үлүшкө ээ болгон “Камеко” эки кишисин киргизген. Ошол аткаруучу комитет баарын көзөмөлдөп турган. Ушунун кесепетинен “Кыргызалтын” “Кумтөрдүн” көзөмөлүнө кире албай калган.

— 488 беттен турган комиссиянын отчётун Жогорку Кеңеште маселе каралып жаткан учурда кечиктирип депутаттарга таратты деген айыпка жооп берсеңиз?

— Бул карандай калп. Комиссиянын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирген. 8 депутат болгон. Алардын баарынын колунда турат. Отчётту алдын ала комитеттер карашкан. Биз баарына бир нече күн мурун таратып бергенбиз.

— Сарыгулов сизди айтпай жашырып койду деген маалыматтарды тизмектейин, сиз өз чындыгыңызды айта бериңизчи?

— Макул

— “Центерра” Конституцияга жана Башкы келишимге каршы, Жогорку Кеңештин 3 жолу, 2003, 2004, 2005-жылы кабыл алган токтомдорун одоно бузуу жолу менен мыйзамсыз түзүлгөнүн айтпай койду…

— Бул тууралуу айтылган. “Кумтөр” долбоорунда биз үчүн эң ыңгайсыз 2003-жылдагы келишим болгон деп айттык. “Центерранын” мыйзамсыз экенин да айтканбыз. Отчётто жазылып турат. Алып окуп көрсүн. Мыйзам бузуу болуп, Жогорку Кеңештин токтому турса дагы чыркыратып ошол ишти жасашкан. Сариев колдогон деп айтып жатпайбы. 2003-жылы эле каршы чыккам. Мыйзамсыз экенин айткан видеолорум турат.

— “Камеко” Канаданын мыйзамдарын одоно бузуп, “Центерранын” акцияларын сатыкка чыгарган шылуундугун айтпай, элден жашырып койду…

— Муну да айтканбыз. Акциялардын баасы аябай көтөрүлөт. Ошондо “Камеко” өзүнүн акцияларын 900 млн долларга сатып кеткен. “Камеко” ушундай алдамчылык жол менен “Кумтөр” долбоорунан чыгып кеткенин жашырган эмеспиз.

— 2003-жылы 31-декабрь күнү Танаев кол койгон токтом Конституцияга карама каршы жана Өкмөт жөнүндө мыйзамды бузуу жолу менен алынган, демек ал токтомдун юридикалык күчү жок, ал мыйзамсыз токтом экенин элден жаап, жашырды…

— Фамилияларды жазбай койду деп айыптап жатпайбы. Отчётто Акаевден баштап баардык фамилиялар турат. Биз бирөөнү да жашырган эмеспиз. Ким кайсыл жерге эмне кылып кол койгону жазылган. Анын ичинде Танаев дагы бар. Ал кол койгон токтом мыйзамсыз экени да айтылган.

— “Центерра” мыйзамсыз түзүлүп, Кыргызстанга 1 млрд доллар зыян алып келгенин элге айтпай койду…

— Сарыгулов эмненин негизинде айтып олтурганын билбейм. Китеп болуп чыккан отчётту окубаса керек. Ал киши көбүн эсе өзүн актайм деген ойдо окшойт.

— Келишимдин 3.9 беренесине ылайык, “Камеко” Кыргызстанга 218 млн доллар келтирилген зыянды төлөп бергенге милдеттүү экенин элге айтпай койду..

— Эгерде ушуну билип, жашырып жүрсө Сарыгуловдун чыккынчылыгы. Бул жерде 4 млн доллар жана 11 млн доллар жөнүндө дагы сөз кеткен. 2016-жылы Хаменюк Кыргызстандын президентинин атына “ Сарыгулов ай сайын менден 200 миң доллар талап кылып турчу” деп атайын кат жөнөткөн. Эгерде ошондой фактыларын айтып берсе жакшы болмок. Мен ошондон талап кылып турчу элем, ал акчаны буга, тигиге бергем десе сонун болмок да. Булардын баарын жашырып жатпайбы. Биз болгон документтин баарын алып чыктык.

— “Центерра” 2009, 2010, 2011, 2012-жылдары “Кумтөргө” 840 млн доллар капиталдык салым кылганы өтө күмөндүү, аны сөзсүз дыкат текшерүү керектигин элге айтпай койду…

— Отчётту алып чыкканда кээ бир депутаттар, журналисттер таң калышып “Ушунун баарын айтып салдыңыз, эч кимден корккон жоксузбу? Канча адамды өзүңүзгө душман кылдыңыз…” деп айтышкан. Мен болгонун болгондой кол коюлган документтерди алып чыгып айтканым үчүн азыр мага көптөр душман болуп олтурушпайбы. Мен эмне, Сарыгулов же башканын бир нерсесин уурдаптырмынбы? Отчёттун ичинде Сарыгуловдуку ондун бири болсо керек. Андан башкалар дагы күнөөлүү деп айтылган. Ага аксакал терикпей эле койсун.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости