www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин жашым он жетиде, атым Асылбек. Учурда шаарда турам. Бирок сиздер менен башымдан өткөн окуяны бөлүшкүм келди.  Ушул кезге чейин албарсты эмне экенин деле билген эмес элем. Бир күнү үйгө алыстан жакын туугандар келип калды. Тактап айтканда апамдын аталаш иниси, таякем Бекмамбет.

Ал биздин үйдө эки күн жүрүп кетти. Андан дагы таякеме мен жаткан диванга төшөк салып берип, мен башка бөлмөгө жаткан болчумун. Эки күндөн кийин таякем кетип, кечинде мен өзүмдүн ордума жаттым. Жатканым курусун, баары ошол күндөн башталды.

Мен бир топко уктай албай жатып, анан жаңы гана көзүм илинип бара жаткан экен, аңгыча эле бир нерсе келип эле мени басып калды. Ал эмне экенин деле билгеним жок, ушунчалык кыйналып, араң дегенде аман калдым. Бирок ал мени коё бергенде кадимкидей эс алып калам, бирок ордумдан тургум келбейт.

Ошентир бир апта кыйналып жүрүп, бир күнү апама айтсам апам кейип:

-Кап, балам, анан биринчи күнү эле айтпайт белең, таякеңдин албрастысы сага үйүр алып калган турбайбы. Эми мен кайра таякеңди келип кет деп айтайын, болбосо албарсты сенден кетпей кыйнай берет деп, таякемди келип кет деп чакыртты.

Таякем келген күнү эле аны менин ордума жаткырып, мен дагы башка бөлмөгө жаттым. Ошол күнү ушунчалык өзүмдү эркин сезип, жакшы уктадым. Таякем бул жолу келгенинде беш күндөй үйдө жүрүп, анан кеткенде апам анын жаткан ордун арча менен аластап, бир топ күн ал жерге эч кимди жаткырган жок. Кийин ошол бойдон албарсты жок болуп кетти. Балким кайра таякемди ээрчип кеттиби, ким билет. Албарсты дагы ээсин тааныйбы деп ойлоп калдым. Айткандай албарсты баскан кезде келме келтириш кере экенин кийин уктум. Андыктан, бирөөнүн кийимин кийбегиле дагы, бирөөнү ордуңарга жаткыргандан сак болгула деп кеңеш айтат элем. Анткени албарстысы бар кишилер да болорун мен кийин уктум. Айтайын дегеним, эч ким “менин албарстым бар” деп айтпайт, айткан күндө дагы ал айтылган сөздү эч ким этибар да албайт. Андыктан сак болгула, “сактансаң сактаармын” деген сөз да бекер жерден айтылып калган эмес.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости