www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Tesla Индиядан кызматкерлерди издей баштады

Электромобилдерди чыгаруучу Tesla компаниясы Индияда кызматкерлерди ала баштады. Бул чечим компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Вашингтондогу жолугушуусунан кийин кабыл алынган. Бул тууралуу Tesla өзүнүн Linkedin (Россияда бөгөттөлгөн) баракчасында маалымдады.

Компания жарыялаган маалыматка ылайык, учурда 13 кызмат орунуна талапкерлер кабыл алынууда. Алардын катарында кеңешчилер, операторлор жана кардарлар менен иш алып барган адистер бар. Вакансиялардын бешөө Мумбайда, ал эми калган орундар Нью-Делиде сунушталууда.

13-февралда Вашингтондо Маск менен Моди жолугушуп, Индия менен АКШнын компанияларынын инновация жана жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле натыйжалуу мамлекеттик башкаруу маселелерин талкуулашкан.

2023-жылы Маск Индиянын өкмөтүнө Teslaнын электромобилдерин өндүрүү боюнча инвестициялык сунуш жөнөткөн. Ал соода жана өнөр жай министрлиги менен талкууланган. Бул долбоор жылына 500 миң автоунаа чыгарган завод курууну, өндүрүштү жергиликтештирүүнү жана продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону камтыйт. Минималдуу баасы 25 миң долларды түзгөн электромобилдер чыгарылат деп күтүлүүдө. Ошондой эле Tesla чыгымдарды азайтуу максатында Индияда аккумуляторлорду өндүрүүнү да пландап жатат.

Последние новости