www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү ташуудагы коопсуздуктун алдын алуу үчүн коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөөнү күчөттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, октябрь айынын 9унан 11ине чейин Бишкек жүргүнчү автотранспорттук ишканасында айдоочулар курамы үчүн пландалбаган инструктаж өтөт. Андан соң айдоочулар жол кыймылынын эрежелери жана муниципиалдык транспортту техникалык пайдалануу боюнча боюнча тест тапшырышат.
Тестти тапшыра албаган айдоочулар каттамга чыкпайт. Бирок, автобазанын ар бир тажрыйбалуу кызматкерлерине катаны оңдоп, кайрадан тест тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет.
Ал эми автобустардын ишине байланыштуу маселелер болсо, 0312 53 48 24, 53 18 17 номерлерине кайрылсаңыздар болот.
Ошондой эле коомдук унаалар боюнча фото жана видео фактыларды 0554 182-185 номери боюнча WhatsApp-каналга жөнөтсөңүздөр болот.
Булак: NazarNews.kg