www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, Россия Түндүк Кореядан дагы 50 миңге чейин аскер кызматкерин кабыл алууга даярданып жатат. Буга чейин болжол менен 30 миң аскер жөнөтүлөрү айтылган.
Түндүк Кореянын аскерлери 2024-жылдын аягында Россияга келип, Курск облусундагы согуштарга катышкан. Ар кандай маалыматтар боюнча, алардын 11–14 миңи операцияга тартылып, олуттуу жоготууларга учураган.
Пхеньян Москва менен аскердик кызматташтыгын улантууда. Анын ордуна Түндүк Корея азык-түлүк, мунай жана валюта алып жатканы айтылууда.
Россия үчүн Түндүк Кореянын аскерлери жеке курамдын жетишсиздигин толтуруунун бир жолу катары каралууда.