www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочуларга арналган эстелик ачылды.
Эстеликке БТР-70 аскердик техникасы орнотулуп, анын ачылыш аземине Кыргызстандын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекен коргоочулардын жакындары, ардагерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Мамыржан Рахимов эстелик чек араны кайтарган жоокерлердин эрдигин жана Мекенге болгон берилгендигин символдоштурарын белгиледи.
Аземде мекен коргоочулардын эрдигин эскерүүнүн маанилүүлүгү тууралуу сөздөр айтылып, курман болгон жоокерлердин элесине гүлчамбарлар коюлду.
Ошондой эле мекен сакчыларынын эрдигин даңазалоого салым кошкон инсандарга сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара маданий программа менен уланып, соңунда курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.
Жаңы эстелик Мекендин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоодо курман болгон жоокерлердин эрдигин кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган.