www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматына Чыңгыз Аширбекович Ахматов дайындалды.
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.
Чыңгыз Ахматов 1981-жылдын 7-июлунда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн.
2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасында баштаган. Кийин прокуратура органдарында бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган.
2024–2026-жылдары Ош облусунун прокурору болуп иштеген.
Ахматов жаңы кызматында Башкы прокурордун биринчи орун басары катары ишмердүүлүгүн улантат.