www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, энергетикалык тутумда олуттуу көйгөйлөргө жол берилбестен өттү.

Иш-чараларга даярдык көрүү учурунда энергетикалык инфраструктуранын объектилери текшерилип, электр тармактары менен жабдуулардын техникалык абалы көзөмөлдөндү.

Ошондой эле резервдик электр булактары даярдалып, ыкчам нөөмөт бригадалары түзүлдү.

Майрамдык иш-чаралардын жүрүшүндө 200дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн жана күнү-түнү иштөө режиминде кызмат өтөдү.

Нөөмөттөгү адистер электр тармактарынын жана жабдуулардын абалын тынымсыз көзөмөлдөп, күтүлбөгөн кырдаал жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө даяр турушту.

Даярдык иштери Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбековдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп, энергетикалык кызматтардын даярдыгы министрликтин көзөмөлүндө болду.

Последние новости