www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылы Арсланбек Тойдиевдин атынан делген кат маалымат булактарында жарыяланган. Анда эгер ал капыстан же кыйноо жолу менен өлтүрүлсө, күнөөкөрлөрдү Ички иштер министрлигиндеги жетекчилик кызматта тургандардын арасынан издөө керектиги жазылган. Ошондой эле министрдин орун басары Данияр Абдыкаров менен анын кол алдындагылар Тойдиевдин өлүмүнө кызыкдар болуп жатканы белгиленген.
Мындан сырткары, катта министрликтин жетекчилик кызматтагы адамдары, анын ичинде Абдыкаров Россиядан уурдалган унаалардын кара базарын уюштурганы айтылган. Катта белгиленгендей, унаалар Казакстан менен Кыргызстан аркылуу Тажикстанга жөнөтүлүп, ал жактан баңгизатына алмаштырылган делет. Ал эми баңгизат кайра Россияга жөнөтүлүп турганы кошумчаланган. Тойдиевдин бекер жеринен мындай кайрылуу жасабаганын анын белгисиз себептерден улам автокырсыкка учурап каза болгонунан билсек болот.
Алсак, 17-февраль күнү саат 8.00дөр чамасында Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде “Lexus GX470" үлгүсүндөгү унаа түркүктү сүзүп, З4 жаштагы Арсланбек Тойдиев кайтыш болду. Машинада 39 жаштагы М.А. аттуу аял да болгону айтылат. Ал оор жаракат алып ооруканага жаткырылган. Эми бул кырсыкка Абдыкаровдун тиешеси барбы-жокпу тиешелүү органдар иликтеп баасын берүүгө тийиш.
Булак: “Фабула”