www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Университеттер аркылуу прикладдык илимди өнүктүрсөк, бул автоматтык түрдө университеттердин сапатын өркүндөттүрөт жана жогорулатат», - деди бүгүн, 26-июлда, NazarNews маалымат агенттигине мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов.
- Арыбаңыз, Токон агай! Билим берүү системасындагы жасалып жаткан аракеттер аталган тармакты оң жолго салган кадам болобу?
- Илимдин өнүгүүсү көп багыттуу. Негизги эки өнүгүү багытын белгилеп кетсек болот. Биринчиси - университет аркылуу прикладдык илимдин өнүгүүсү. Экинчиси - академия жана анын тийешелүү илимий - изилдөө институттар аркылуу фундаменталдык илимдин өнүгүү багыты. Бүгүнкү күнү биздин университеттер дүйнөлүк рейтингде - 140 орунду элейт.
Демек бүгүнкү күнү биз биринчи иретте университеттер аркылуу прикладдык илимди өнүктүрсөк бул автоматтык түрдө университеттердин сапатын өркүндөттүрөт жана жогорулатат. Университетти бүтүп чыккан адистердин сапаты дагы жогорулайт.
Ошондуктан мурдагы мезгилдин сыноосунан өткөн советтик доордогу түзүлүшкө келтирилгендиги бул КР Президенти тарабынан туура чечим болду. Ушул сыяктуу эле азыркы учурда Улуттук илимдер Академиясынын айланасындагы аркандай имиш сөздөр көп болууда.
Жогоруда көрсөткөндөй Академияны дагы советтик доордогу түзүлүштө сактап калыш керек. Айрым чиновниктердин айтуусу боюнча Улуттук илимий Академиясы өлкөгө бир да тыйын акча алып келген жок. Алардын эсине салып коёюн - атом бомбасы Орусия, Кытай, АКШ, Англия, Франция, Индия, Пакистан, Израилге бир да тыйын бюджеттерине алып келген жок. Атом бомбалары бир тыйын пайда түшүрбөй, кайра бул мамлекеттерден жыл сайын жүз миллиондогон долларларды талап кылат.
Бирок бул өлкөлөрдө бир дагы чиновник атомдук куралдын пайдасы жок экен, алар бюджетке тыйын түшүрбөйт, аларды талкалап жоготуш керек деп айтканга акылы дагы жана түшүнүгү дагы жол бербейт. Академия өзүнүн илимий адистери менен атомдук куралдан дагы жогору турат.
Себеби академияда эмгектенген окумуштуулар ядролук синтезди таап, атомдук куралды, ошондой эле атомдук электростанцияларды жана башка көп нерселерди жараткан. Өлкөнүн күчү фундаменталдык илимдин өнүгүүсүндө жана илим адамдарында. Маданияты, билими жана илими жок мамлекеттин келечеги жок.
Булак: NazarNews.kg